Социалдык тармактарда активист Орозайым Нарматованы бошотуу талабы айтылууда

«Фейсбук» социалдык тармагында активист Орозайым Нарматованын камалышын чектен тышкары иш катары баа берип, анын бошотулушун талап кылышууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бул окуяны мындайча комментраийледи:

— Оппозициячыл «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматованын милиция тарабынан кармалышы чектен чыккан иш болду.

Жалгыз агасын жоготуп, кан жутуп, мекенине келген кызды аэропорттон кармап, күч менен алып кетишкени эч бир салтка, адамгерчиликке жатпай турган көрүнүш. Ал коркунучтуу кылмышкер эмес. Орозайым жаш экенине карабай кайсы бийлик болбосун өз оюн эркин айтып, позициядан тайбаган эр жүрөк атуул.

Кыргызстанда миллиондогон коррупциялык иштерге шектелгендер ээн-эркин сайрандап жүргөндө активисттин «жети түндө» аэропорттон күч менен кармалышы укук коргоо органдарына, бийликке абийир алып келбейт.

Орусияда миллиондогон мигранттар сыяктуу эмгектенип жүрсө да Мекениндеги окуяларга кайдыгер карабаган Орозайым Нарматовага өз өлкөсү, өз элинде мыйзамсыз мамилени ачык айыптайм.

Жогорку Кеңештин депутаты катары күч органдарынан кеңири түшүндүрмө берип жана Орозайым Нарматованы тез арада бошотууну талап кылам!- деди депутат Жанар Акаев.












“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматова Ош аэропортунда укук коргоо органдары тарабынан кармалга.

Маалыматка ылайык, Нарматова 10-сентябрь күнү таңкы саат 5тер чамасында Ош аэропортунда кармалган. Андан соң тергөөчүлөр аны автоунаа менен Бишкекке алып кетишкен. Ички иштер министрлиги жана башка укук коргоо органдары кармоонун себеби тууралуу маалымат бере элек.

Сүрөт: Интернет булактарынан. :

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты