118: COVID-19 боюнча кризистик мезгил аяктады

  • 3 года мурун

“118” кызматы өлкөдө COVID-19 боюнча кризистик мезгил аяктаганын билдирди.

«118» ыкчам байланыш кызматы 2021-жылдын июлунан августуна чейин күчөтүлгөн режимде иштеген. Бул убакыт аралыгында 94 299 жарандан кайрылуу түшүп, 81 121 адамга консультация берилсе, 13 178 жаранга коронавирус жуктуруп алганына байланыштуу үй-бүлөлүк медицина борборлорунун мобилдүү топтору жөнөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, “118” линиясына кайрылгандардын ичинен ооруга чалдыккандардын көбү 20 жаштан 40 жашка чейинки жаштар болгон.

“118” ыкчам байланыш кызматы 2020-жылдын март айында ишке кирип, жарандарга COVID-19дун алдын алуу, андан дарылануу жолдору тууралуу медициналык кеп-кеңештерди берип келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты