Коронавирус 97 адамдан аныкталып, 4 бейтап каза тапты

  • 3 года мурун

2021-жылдын 8-сентябрына карата Кыргызстанда COVID-19’дун 97 учуру катталды.

Анын ичинен:

Бишкек шаары – 47;

Ош шаары – 3;

Чүй облусу – 22;

Ош облусу – 2;

Талас облусу – 2;

Нарын облусу – 3;

Ысык-Көл облусу – 11;

Жалал-Абад облусу – 3;

Баткен облусу – 4.

Кыргызстанда коронавирус аныкталган учурлардын жалпы саны 176 779га жетти.

Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны — 166. Бардыгы болуп 170 911 киши айыгып чыкты.

Каза болгондордун саны — 4. Жалпы — 2561.

Стационарда 721 жана амбулатордук түрдө 1134 киши дарыланып жатат.

Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү штабы билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты