Угуусу начар адамдар үчүн кол өнөрчүлүк сабактары

Кечээ, 6-сентябрда, белгилүү куракчы, сүрөтчү, дизайнер жана көркөм чыгарма дүйнөсүнүн эксперти Чолпон Аламанова Бишкектеги кулагы укпаган жана угуусу начар адамдардын коомунун мүчөлөрү үчүн мастер-класс өткөрдү.

Иш-чара «Сорос-Кыргызстан» фондунун жана «ADRA Кыргызстан» агенттигинин колдоосу менен өттү.

Чолпон Аламанова катышуучуларга чакан каражаттан жууркан, сумка, панно, кийим жана башка кооз буюмдарды тигүү жолдорун көрсөттү.

«Угуу мүмкүнчүлүгү чектелген аялдар үчүн 2700 сом жөлөкпул менен мындай мастер-класс киреше алып келе турган жаңы кол өнөрчүлүктү үйрөнүү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк» дейт Чолпон Аламанова. «Бүгүн биз байыркы курактын техникасын гана эмес, түстөр менен оймолордун айкалышын үйрөндүк, ошондой эле кол өнөрчүлүктөгү экологиялык мамиленин тенденциялары жөнүндө сүйлөштүк.»

Бул мастер -класстын катышуучулары үчүн ADRA Кыргызстан агенттиги тигүүчү машиналарды сатып берди. Ал эми жууркандар кайра иштетилген пластикалык таштандылардан жасалган синтетикалык кыштоочу менен толтурулган. Бул материалдар «Экодис» компаниясынын башкы директору Андреев Д.В. тарабынан берилген.

Сүрөттөр:»Сорос-Кыргызстан» фондусунун басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты