​“Ишкер аялды колдо” жарманкеси жыйынтыкталды (Фоторепортаж)

Бүгүн, 7-сентябрда, Бишкекте «Novotel» мейманканасында “Ишкер аялды колдо» жарманкесинин жыйынтыгы болуп өттү.

Жарманкеге катталган 1000ден ашык катышуучунун ичинен тандалган 300 аялдын эмгектери коюлду.

Алар — кол өнөрчүлүк, кайра иштетүү, кийим-кече, тамак-аш жана кызмат көрсөтүү багытындагы эмгектер.

Саамалыктын алкагында катышуучуларга соода-сатыкты өнүктүрүүгө байланышкан ар түрдүү тренингдер да өтүлгөн.

Иш-чаранын негизги максаты — Кыргызстандын булуң-бурчундагы өз иши менен алектенген айымдардын эмгектерин коомчулукка тааныштыруу жана кийинки ишмердүүлүгү үчүн инвесторлорду табууга жардам берүү.

Сүрөттөр: «ПолитКлиника»

Мындан башка кыргыз айымдардын өндүргөн эмгектерин https://buyfromwomenkg.com/https://buyfromwomenkg….  сайтынан көрө аласыздар.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты