Парламенттик шайлоодо чет мамлекеттердеги шайлоо участокторунун саны көбөйүшү мүмкүн

  • 3 года мурун

Алдыдагы парламенттик шайлоодо чет мамлекеттердеги шайлоо участокторунун саны көбөйүшү мүмкүн.

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

Чет өлкөлөрдө убактылуу жашап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыздоо боюнча БШКда өткөн жумушчу тобунун жыйынында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев парламенттик шайлоодо чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторунун санын 57ге чейин көбөйтүү сунушталып жатканын билдирди.

Ага ылайык, Орусиянын Казань, Краснодар, Самара, Томск, Хабаровск, АКШнын Нью-Йорк, Чикаго, Түркиянын Анталья жана Италиянын Карьяри шаарларында жаңы шайлоо участоктору түзүлөт.

Ошондой эле, жыйындын жүрүшүндө БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Орусиянын аймагында шайлоо участокторун түзүү боюнча РФнын БШКсы менен кызматташып жатышканын маалымдады.

Эгер бардык процедуралар ишке аша турган болсо, Орусиянын аймагындагы шайлоо участокторунун саны 20га жетиши мүмкүн. Алардын ичинен бешөө Москва шаарында жайгашса, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Владивосток, Красноярск, Иркутск, Якутск, Түштүк Сахалин, Сургут, Краснодар, Самара, Казань, Томск жана Хабаровск шаарларында бирден шайлоо участоктору ачылмакчы.

Мындан тышкары Германия, АКШ жана Түркияда үчтөн; Италия, Казакстан, Кытай жана Бириккен Араб Эмираттарында экиден; Ашхабад, Баку, Брюссель, Вена, Доха, Дүйшөмбү, Женева, Исламабад, Киев, Куала-Лумпур, Лондон, Минск, Нью-Дели, Париж, Сеул, Ташкент, Тегеран, Токио, Эль-Кувейт, Эр-Рияд шаарларында бирден шайлоо участоктору түзүлөт.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Сүрөт: БШК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты