​Кубанычбек Конгантиев туура эмес маалымат берген. Коомдук транспорттун акысын шаардык кеңеш бекитет (Фактчекинг)

2-сентябрда Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиев “Шаардык кеңештин (БШК) коомдук транспорттордун жол киресин кароого ыйгарым укугу жок”, — деп билдирген. Ал буга чейин бул маселе козголгонун, бирок аны БШК чечпей турганын айтып, кийинки жыйынга чейин бул түшүнбөстүктөрдүн чечилишин суранган.

​Кубанычбек Конгантиев туура эмес маалымат берген. Коомдук транспорттун акысын шаардык кеңеш бекитет (Фактчекинг)

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Буга чейин Бишкек шаарынын вице-мэри Максатбек Сазыкулов 26-июндагы “Бюджет жана финансы боюнча” комитетинин жыйынында, коомдук транспорттордун жол киресин жогорулатуу маселесин көтөргөн.

“Биз автобустардын жана троллейбустардын жол киресин 11 сомго, ал эми кичи автобустардыкын 15 сомго чейин көтөрүүнү сунуштайбыз. Биз Бишкек шаардык кеңешинин биринчи жыйынында депутаттар бул маселени карашат деп ойлойбуз «,— деп билдирген.

Белгилей кетсек буга чейин, айдоочулар жол кирени көбөйтүүнү талап кылышып, бир канча күн ишке чыкпай коюшкан. Шаардык мэрия бул маселени карап чыгып күйүүчү майдын кымбаттагынына жана жол киренин көптөн бери жогорулабаганын негиздүү деп таап, жол кирени жогорулатуу карала турганын билдиришкен.

Мыйзам боюнча жол кирени Бишкек шаардык кеңеш жөнгө салат

Азыркыга чейин Бишкек шаарынын транспорт жана төлөмдөрдү бекитүү системасы 2011-жылдын 13-октябрында кабыл алынган «Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү автомобиль транспорту менен ташууну уюштуруу эрежесин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык жүргүзүлүп келген. Аталган токтомго жылдар аралыгында бир канча өзгөртүүлөр киргизилген.

Ушул токтомдун 7-беренесинде, Бишкек шаардык транспортунун тарифи Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилээри жазылган.

​Кубанычбек Конгантиев туура эмес маалымат берген. Коомдук транспорттун акысын шаардык кеңеш бекитет (Фактчекинг)

Ал эми, 2021-жылдын 12-июлунда Бишкек шаардык кеңеши транспорттор жөнүндө жаңы долбоор сунуштаган. Анда, 2011-жылдагы токтом өз күчүн жоготуп, “электрондук карта” сыяктуу толуктоолор киргизилген. Бирок аталган проектте дагы Бишкек шаардык транспортунун жол акысын шаардык кеңеш бекитээри даана көрсөтүлгөн.

​Кубанычбек Конгантиев туура эмес маалымат берген. Коомдук транспорттун акысын шаардык кеңеш бекитет (Фактчекинг)

Башкача айтканда, шаардык транспорттордогу жол киренин өлчөмү мэрия тарабынан сунушталып, Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилет.

Белгилей кетсек, Кубанычбек Конгантиев 30-июлда Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланган.

Жыйынтык: Мыйзам боюнча жол киренин өлчөмүн шаардык кеңеш бекитет. БШКнын төрагасы Кубанычбек Конгантиевдин “ал биздин ыйгарым укукка кирбейт” деген сөзү калп.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты