Жапаров алдыдагы беш жылда элге татыктуу жашоону убада кылды

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен «Ала-Тоо» аянтында куттуктады.

«Тарыхта татаал тагдырга туш болуп жок болуп кеткен улуттар, мамлекеттер көп болгон. Мындай элдердин катарын толуктап калбаганыбыз үчүн Жаратканга миң мертебе шүгүрчүлүк! Бүгүнкү улуу тарыхый датаны байтак калаабыздын толтосу касиеттүү «Ала-Тоо» аянтында белгилеп жатып, эгемендүүлүктүн калыбына келишине чейинки узак жана татаал жолду чапкан улуу ата-бабаларыбыздын эрдиги менен эмгегин да эскербей кетүү мүмкүн эмес», — деди Жапаров.

Муну менен бирге Жапаров жакынкы беш жылдыкта кыргызстандыктардын жашоосун кескин жакшыртууга убада берди.

«Урматтуу мекендештерим, кадырлуу калкым, мен сиздерге ишенимдүү түрдө баса белгилеп айта кетейин, Кыргызстаныбыздын ар бир жаранын сапаттуу билим алуу, татыктуу жашоого алдыдагы беш жылдыкта сөзсүз жеткиребиз. Дагы бир ирет улуу тарыхый майрамыңыздар менен куттуктайм! Жергебизде ар дайым «Манас» урааны жаңырып турсун!», — деди мамлекет башчы.

Бүгүн өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилеп жатат. Кыргызстан 1991-жылдын 31-августунда Кыргызстан өзүн суверендүү мамлекет деп жарыялаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты