​Коронавирустун түйүлдүктөгү балага жугуп калуу коркунучу бар, бирок ал толук изилденип бүтө элек (Фактчекинг)

29-август күнү rbc.ru сайтында “кош бойлуу аялдар коронавирус менен ооругандан кийин балдары майыптыгы бар болуп төрөлүп калышы мүмкүн”, — деген маалымат жарыяланган.

Бул тууралуу РИА.ру сайтына Роспотребнадзордун эпидемиологу Наталья Пшеничная билдирген. Ал, бул убакка чейин кош бойлуулуктун бешинчи жана алтынчы жумасында Covid-19 менен ооруп айыккан аял “катуу көз кемтиги бар” бала төрөгөнүн, бирок аны толугу менен коронавируска байланыштыруу кыйын экенин айткан.

​Коронавирустун түйүлдүктөгү балага жугуп калуу коркунучу бар, бирок ал толук изилденип бүтө элек (Фактчекинг)

ПолитКлиника медиасы коронавирустун кош бойлуулукка жана балдардын ден соолугуна кандай таасир берээри тууралуу изилдеп көрдү.

Кош бойлуу аялдарда Covid-19 илдетин жуктуруп алуу коркунучу жогору

Коронавирус илдети дүйнө жүзүнө жайыла баштагандан тартып, бир топ окумуштуулар анын кош бойлуу аялдарга кандай таасир берээрин изилдеп келишкен.

Алсак, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2020-жылы 3000 миңден ашуун кош бойлуу катышкан 77 изилдөө жүргүзүшкөн. Аталган изилдөө “British Medical Journal” га жарыяланып, окумуштуулар ооруканага кандайдыр бир себептер менен жаткырылган ар бир онунчу кош бойлуу аялдын биринде Covid 19 диагнозу бар экендигин жана ошол курактагы адамдарга караганда бул илдетке кош бойлуулар көп чалдыгаарын аныкташкан. Мындан сырткары, COVID менен ооруган аялдарда балдарды мөөнөтүнөн эрте жарык дүйнөгө алып келген учурлар да көп катталган.

Анын себебин Швециялык окумуштуулар , Жюлиус Коллин жана Эмма Бюстон :

“Кош бойлууларда респиратордук вирустук инфекциялардан улам олуттуу оорулардын пайда болуу коркунучун жогорулатат, анткени аялдын организминде ошол учурларда өзгөрүүлөргө дуушар болот”- деп айтышкан.

Негизинен, көпчүлүк учурда коронавирус менен ооруп калган кош бойлуу аялдар коронавирустун симтомсуз же жеңил түрү менен оорушкан. Бирок, оор түрү менен ооруп калган учурда башкаларга салыштырмалуу госпитализацияга көбүрөөк муктаж болушаары далилдеген.

Өзгөчө Covid-19дун оор түрү менен ооруп калуу тобокелдиги төмөнкү аялдардын тобунда көбүрөөк байкалган:

  • Өпкөнүн өнөкөт оорулары менен, анын ичинде бронхиалдык астмасы барларда;
  • жүрөк -кан тамыр оорулары жана кант диабети менен жабыркагандарда;
  • онкологиялык ооруусу барларда;
  • ашыкча салмагы бар аялдар жана өнөкөт бөйрөк жана боор оорулары менен ооругандарда Covid-19 илдети көбүрөөк кездешкен.

Аларда көбүнчө дем алуунун кыйындашы жана температуранын жогорулашы сыяктуу симтомдор байкалган.

Түйүлдүктөгү балага коронавирус жугуп калуу коркунучу бар, бирок ал толук изилдене элек

Коронавирус менен ооруп калган эненин түйүлдүктөгү балага илдетти жугузуп коюу коркунучу бар экени тууралуу изилдөө 2-февралда “Viruses” журналына жарыяланган. Изилдөөдө кош бойлуулуктун 21-жумасында коронавирус менен ооруп калган 27 жаштагы аял изилденген. Ал эки жума ооруп айыккандан кийин түйүлдүгү кеч жетиле баштаганы байкалып, дагы 2 жума өткөн соң бала кесерово жолу менен айына жетпей төрөгөн. Бирок, бала бир жарым күндөн кийин реанимацияда каза болуп калган. Окумуштуулар баланын организмин изилдешип, ковид позитивдүү болгонун жана ал түйүлдүктө кезинде ооруу жугушу мүмкүн деген божомолдорун айтышкан. Бирок, кандай жол менен жугуп калганын толук айта алышкан эмес.

Ушундай эле учур Швецияда да катталган. Анда кош бойлуу аял ич оорусу күчөгөндүктөн Мальмё шаарындагы ооруканага жеткирилген. Окумуштуулар баланы текшеришип, жүрөгү абдан жай согуп жатканын байкашкан. Ушундан улам кесерова жолу менен төрөтүп, кийинчерээк баланын киндигинде коронавируска каршы антитело жана вирустун таякчаларын табышкан.

Бирок бул сейрек кездешүүчү көрүнүш. Анткени, 100 миңдеген аялдардын арасынан бир эки гана учурда мындай көрүнүш кездешкен. Мындан сырткары, окумуштуулар жогоруда келтирилген далилдер жетишсиз экенин жана дагы изилдөө иштерин улантуу маанилүү экенин айтып келишет.

2020-жылдын октябрь айында “Placenta” журналына жарыяланган изилдөөдө, Бостон Медициналык колледжинин изилдөөчүлөрү Элизабет Таглауэр, жана Элиша Вахман энеден түйүлдүккө коронавирус илдетинин жугуу ыктымалдуулугунун төмөн болгону кайсы себептерден улам болгонуна кызыгышкан.

Натыйжада, эненин жатынындагы плацента деп аталган орган коронавирустун балага жугуп калуудан сактайт деген тыянакка келишкен. Башкача айтканда, эненин организминде Covid 19 болгон күндө дагы анын плацентадан өтүп, балага жугуп калуу коркунучу өтө аз экенин билдиришкен.

Ал эми Канадалык окумуштуулар, кош бойлуу аялдарда түйүлдүк аркылуу балага коронавирус жугуп калуу коркунучу бар экенин, бирок анын чын эле түйүлдүктөгү кезинде жуктуруп алганын далилдөө кыйын экенин билдиришкен. Себеби, баланын инфекциялык жугуштуу оорууларды энесинин карнында жугузуп алуу кокунучу 1% болсо, төрөө учурунда бул сан 30% дан 40% га чейин өсөөрү белгиленген.

Мындан сырткары, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сайтында кош бойлуулук жана төрөт учурунда коронавирустун энеден түйүлдүккө же жаңы төрөлгөн ымыркайга жуккан учурлары аныкталган эмес жана дагы изилдөөгө муктаж деп жазылган.

Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 16-июлдан баштап кош бойлуу аялдарды коронавируска каршы эмдөөнү сунуштаган.

Жыйынтык: Коронавирустун түйүлдүктөгү балага жугуп калуу коркунучу бар экени айтылган, бирок ал толук изилденип бүтө элек.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты