​“Вакцина алгандар 3-5 жыл аралыгында өлөт!” Коронавирус жөнүндө дагы бир фейк (Фактчекинг)

Интернет тармагында “коронавируска каршы вакцина алгандардын баары өлөт” деген видео тарап жатат. Видеодо өзүн Оксфорддун доктору деп атаган Шон Брукс аттуу адам вакцина тууралуу ар кандай маалыматтар менен бөлүшүп, жарандарды эмдөө албоого чакырган.

​“Вакцина алгандар 3-5 жыл аралыгында өлөт!” Коронавирус жөнүндө дагы бир фейк (Фактчекинг)

ПолитКлиника медиасы Шон Брукстун айткан билдирүүлөрүн текшерип көрдү.

1-билдирүү:

“Мен Оксфорддун докторумун. 21 жылдан бери медицинаны изилдеп келем” — калп

Видео 19-августтан баштап интернет желесине тараган. Бир катар чет элдик ЖМКлар бул АКШнын Огайо штатындагы мектеп кеңешинин жыйыны экенин жазып чыгышкан.

Анда, өзүн доктор деп атаган Шон Брукс: “Мен Оксфорддун докторумун. Азыркы убакка чейин 48 илимий макала, анын ичинде 23 китеп жаздым. 21 жылдан бери медицина илими боюнча билим алып келем”,- деп айткан.

Чынында, Шон Брукстун медицина илими менен байланышы бар экени далилденген эмес. Анын Bitchute.com порталына берген маегинде Брукс Огайо штатындагы Майами университетинен филасофия багыты боюнча бакалавр даражасын алган деп айтылат жана анын Англиядагы Оксфорд университетине эч кандай тиешеси жок.

Мындан сырткары, Брукстун интернетте сатылган китептери да медицина багытында эмес билим берүү жөнүндө жазылган.

Жыйынтык: Шон Брукс медицина илимдеринин эмес, филасофия илимдеринин доктору жана вакцина боюнча айткандары анын субьективдүү ою.

2-билдирүү:

“МРНК вакцинасын доктор Роберт Мелоун ойлоп тапкан” — калп

Видеодо Шон Брукс МРНК вакцинасын доктор Роберт Мелоун ойлоп тапканын жана ал өзү бул вакцинаны эч качан колдонбоо керектигин айтканын билдирет.

Чынында каршы МРНК вакциналарынын негизин Доктор Роберт Мэлоун ойлоп тапкан эмес. Бул тууралуу Казакстандын factcheck.kz маалымат агенттиги изилдеп чыккан. Анда, Роберт Мелоун өзү МРНКны ойлоп тапканын айтканы жана ал манипулятор экени далилденген.

Негизинен. МРНК технологиянын негизин илимпоздор Каталин Карико менен Дрю Вайсман иштеп чыгышкан. 2020-жылы глобалдык коронавирустук пандемия башталгандан бери, алардын mRNA технологиясы боюнча изилдөөлөрү Америка Кошмо Штаттарында эки COVID-19 вакцинасын иштеп чыгууда негизги ролду ойноду.

Жыйынтык: Роберт Мелоун МРНКны ойлоп тапкан эмес. Мелоун өзү бир катар калп маалыматтарды жарыялап келет.

3-билдирүү:

“Коронавируска каршы вакцина алгандар 3-5 жыл аралыгында өлөт” — далилсиз

Андан ары Шон Брукс, Covid-19 га каршы вакцина алгандардын 3-5 жыл аралыгында каза болоорун айтат. Анын себеби вакцина адамдардын иммундук системасын 35%га төмөндөтүп, кийин “грипп” сыяктуу ооруларга каршы вакцина алганда организм туруштук бере албай калат деген жүйөө менен байланыштырган. Бирок, Брукс кантип бул тыянакка келгенин айткан эмес. Азыркы учурда бул тезистерди далилдей турган бир дагы илимий изилдөө жок.

Ал эми, АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун (CDC) расмий сайтында COVID-19 пандемиясынын учурунда сасык тумоого каршы эмдөө боюнча сунуштар жарыяланган. Сунушта коронавируска каршы вакцина алгандан кийин сасык тумоого каршы эмдөө коопсуз экени белгиленген.

Жыйынтык: Covid-19 га каршы вакцина алгандан кийин иммундук система 35%га төмөндөп, адамды өлүмгө алып келээри тууралуу изилдөө жок.

4-билдирүү:

“Коронавируска каршы вакцина алган 80% аялдын боюнан түшкөн” — калп

Видеодо эмдөө алган аялдардын дээрлик 80%ынын боюнан түшүп, эми алар балалуу боло албай турганы айтылат. Буга чейин да бул сыяктуу маалыматтар интернет тармагында жарыяланган. ПолитКлиника медиасы буга чейин “Вакцина алгандан кийин 395 кош бойлуу аялдын боюнан түштү” деген маалыматтын калп экенин далилдеп чыккан.

Бир катар изилдөөлөрдө Covid-19 га каршы вакциналардын кош бойлуу аялдарга жана түйүлдүкө зыяны жок экени далилденген. Алсак, “The new england journal o f medicine” журналына жарыяланган изилдөөгө 35 миң 691 аял катышкан. Алардын арасында өлүмгө байланыштуу жагдайлар катталган эмес жана изилдөөчүлөр эмдөөнүн кош бойлуу аялдарга зыяны жок деген тыянакка келишкен.

Мындан сырткары, 13-май күнү Jama Network журналына жарыяланган изилдөөдө кош бойлуу учурундагы эмдөө баланы дагы коронавирустан коргой алаары далилденген. Изилдөөчүлөр вакцина алган энелердин сүтүндө коронавируска каршы антителолор пайда болгонун аныкташып, бул балага да пассивдүү коргонууну бере турганын билдиришкен.

Азыркы учурда, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө кош бойлуу айымдарды коронавируска каршы эмдөө жүрүп жатат. Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюмунун илимий адиси Сумия Свиминатан 4-июнь күнү берген маегинде, ДССУ кош бойлуу аялдарга эмдөөдөн өтүүгө чакыраарын жана эмдөөнүн кош бойлуу аялдарга зыяны жок экенин билдирген.

Мындан сырткары, вакциналардын тукумсуздукка алып келбей турганы да далилденген.

Жыйынтык: Коронавирус жөнүндө Шон Брукстун айткандары калп жана далилсиз.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты