​Равшан Жээнбеков: Абакта да өз чөнтөгүбүздөн акча төлөйбүз

Бишкектин убактылуу абак жайында (СИЗО-1) жаткан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков замандаштарына кат жазды.

«Менин тагдырым авторитардык режимдин абагындагы саясий туткун тууралуу тартылган Голливуд сериалы сыяктуу. Бирок, бир гана айырмасы – жаңы сюжеттери жана кезектеги сериялары жок, бир эле сериясы менен сюжети кайра-кайра кайталана бергендей. Зериктирет. Каршылашы менен башкача ойлонгондордон корккон ошол эле авторитардык бийлик, саясий буйрутмаларды аткарган ошол эле жалтак судья, адам чыдагыс шарттары менен ошол эле ИВС, ошол эле СИЗО, ошол эле камералар жана “Байке, эми эмне үчүн?!” деп жылмая тосуп алган ошол эле кароолдор».

-Эки жума түшүнүксүз себептер менен камерадан-камерага көчүп жүрүп, акыры өз камерама (хата) келдим окшойт, бул жерде канча отураарымды бир Кудай билет. Каалаймынбы, жокпу – бул камера эми менин убактылуу үйүм – бош, муздак, жагымсыз, бирок тааныш жана көнүмүш.

Эркиндик бульварында сейилдегеним үчүн Биринчи май райондук сотунун жалтак соту мени 4-августта кечке маал камакка алды. Ошол эле күнү №4 шаардык ооруканага алып барып, медициналык кароодон өткөрүштү. Дарыгерге мени эч ким сабабаганын тастыктап, денемди көрсөттүм. Андан ары түндө Бишкек шаарынын эч кандай шарты жок ИВСне алып келишти. Бир нече кишиге кенедей болгон камера, ысык, эскилиги жеткен кир төшөнчүлөр, кантала жана муздаткычтын жогунан бир саатта бузулуп кетип жаткан тамактар.

Сегизинчи күнү мени Улуттук госпиталга рентгенге тарттырууга алып барып, андан соң түз эле СИЗО-1 алып келишти. СИЗОго мени алышкан жок. Пневмониянын бары-жогун текшерүү үчүн компьютердик томографиядан да өткөрүүнү талап кылышты. Көнүмүш ордума – СИЗОго жайгашуу үчүн КТнын акысын да өзүм төлөөгө туура келди. Биз кызыктай калкпыз негизи. Абакка да өз чөнтөгүбүздөн төлөп отурабыз.

СИЗОдо 3 күн жалгыз камерада отурдум, ал жерде биринчи суткадан кийин эле жалгыздыкка көнө баштайсың. Мындай учурларда сенин жакын досторуң китеп жана радио болот – “Азаттык” менен “Эхо Москвы”. Жана, албетте, саясий туткундун абактагы жашоосу тууралуу китебимдин кезектеги сериясы үчүн жазып жаткан макалаларым.

Кийинки бир нече күндөн бери катардагы камерада кудум эл аралык террорист сыяктуу темир эшик-терезенин артында, катуу керебетте, бетон пол менен дубал ичинде кароолдор менен авторитардык системанын катаал кайтаруусундамын.

Менин тагдырым авторитардык режимдин абагындагы саясий туткун тууралуу тартылган Голливуд сериалы сыяктуу. Бирок, бир гана айырмасы – жаңы сюжеттери жана кезектеги сериялары жок, бир эле сериясы менен сюжети кайра-кайра кайталана бергендей. Зериктирет. Каршылашы менен башкача ойлонгондордон корккон ошол эле авторитардык бийлик, саясий буйрутмаларды аткарган ошол эле жалтак судья, адам чыдагыс шарттары менен ошол эле ИВС, ошол эле СИЗО, ошол эле камералар жана “Байке, эми эмне үчүн?!” – деп жылмая тосуп алган ошол эле кароолдор.

Айтмакчы, СИЗОдо өзгөрүүлөр бар экен. Спорт зал жана чач тарач ачышыптыр. Эми чачымды СИЗО-1дин чач тарачына кырктырам жана спортзалга барып турам.

Биз сөзсүз эркин, демократиялык жана укуктук өлкөнү курабыз!

Равшан Жеенбеков

20.08.2021

Равшан Жээнбеков оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча, тактап айтканда, “Альфа” атайын отрядынын кызматкерлерин барымтага алуу, жапырт баш аламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алуу беренелери боюнча шектелип жатат.

2020-жылдын 6-октябрында митингчилер Ак үйдү басып алып, камактагы Алмазбек Атамбаев, Садыр Жапаров жана Равшан Жээнбековду бошотушкан. Кийинчерээк Алмазбек Атамбаев кайра камалган.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда каралып, ал кайрадан СИЗО-1 убактылуу абак жайына камалсын деген чечим чыкты.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты