​Коронавирустан эркектер аялдарга караганда көп каза болгону чындык (Фактчекинг)

20-август күнү, “Lenta.ru” сайтында “Эркектер аялдарга караганда COVID-19дан көбүрөөк каза болот” деген маалымат жарыяланган. Анда, аялдардын организми эркектердикине караганда, вирустарга каршы антитело иштеп чыгууга жөндөмдүү болгону айтылган.

​Коронавирустан эркектер аялдарга караганда көп каза болгону чындык (Фактчекинг)

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Коронавирустан аялдарга караганда эркектер көп каза болоору тууралуу маалымат алгач “Ura.ru” сайтына жарыяланган. Бул тууралуу аллерголог-иммунолог Владимир Болибок билдирген.

Эркектер 18%га чейин көп каза болгон

Коронавирус пандемиясы дүйнө жүзүнө жайылгандан баштап бир топ окумуштуулар Covid-19 дун аялдардын жана эркектердин организмине кандай таасир берээрин изилдешкен.

9-декабрда Nature Communications журналында жарыяланган изилдөөдө, 42 өлкөдөгү Covid-19 дун учурлары анализденип, эркектердин аялдарга караганда коронавирустан 2,84%га көп каза болгону далилденген.

Ушундай эле изилдөө, Гарвард университетинин окумуштуулары тарабынан жүргүзүлүп, аялдар эркектерге караганда коронавирус менен көп ооруганы бирок өлүм деңгээли эркектерде көп болгону далилденген. АКШнын 50 штатын камтыган бул изилдөө, өлүм деңгээли штаттарга жараша айырмаланса да жалпысынан аялдар коронавирустан көбүрөөк айыкканын айтышкан.

​Коронавирустан эркектер аялдарга караганда көп каза болгону чындык (Фактчекинг)

Улуу Британиянын окумуштуулары жүргүзгөн дагы бир изилдөөдө, 2020-жылдын март айынан 2021-жылдын январына чейин Англияда жана Уэльсте коронавирустан жабыркаган адамдар изилденген. Натыйжада 11 ай ичинде, 2 өлкөдө коронавирустан 63,700 эркек жана 53,300 аял катталып өлүмдөрдүн жалпы санында дээрлик 18% айырма болгон.

​Коронавирустан эркектер аялдарга караганда көп каза болгону чындык (Фактчекинг)

Коронавирустун жыныска байланыштуу таасирлери боюнча кээ бир өлкөлөрдө пайыздык катнашта айырмачылыктар болсо да, жалпысынан илимпоздор эркектердин коронавирустан аялдарга карганда көп каза болоору далилденген.

Гормондордун таасири жана коронавирус

Вирустук ооруларга каршы аялдардын организми эркектердикине караганда күчтүү реакция кылаары белгиленген. Анын себеби, аялдар менен эркектердин жыныстык гормондорундагы айырмачылыктар. Окумуштуулар, аялдын жыныстык гормону “эстроген” иммундук системаны стимулдаштыраарын, андыктан вирустарга каршы тезирээк жана агрессивдүү иш -аракет кылаарын аныкташкан. Ал эми эркек гормону тестостерон дененин коргонуусун толук кандуу камсыздай албай турганы белгиленген.

Немец вирусологу Томас Пиетшманн аялдар вирустук оорулар менен көбүрөөк ооргандыктан организм патогендер менен күрөшүп көнүп калганын билдирген:

“Аялдардын организми ар кандай вирус менен күрөшүүгө жөндөмдүү келет. Анын бир канча генетикалык себептери бар. Мисалы аялдарда патогендерди таануу үчүн жооптуу болгон эки X хромосомасы бар. Аталган хромосома эркектерде бирөө (XY) болгондуктан, бул жерде аялдардын артыкчылыгы бар»,- деп айткан.

Мындан сырткары, аялдар менен эркектердин ортосундагы биологиялык айырмачылыкардан сырткары социалдык факторлор да таасир этээри белгиленген. Мисалы, эркектердин аялдарга караганда тамекини көп чегиши, социалдык дистанция жана оорунун белгилери байкалганда ооруканага аз кайрылганы да себептерден бири экени айтылган.

Жыйынтык: Коронавирустан аялдарга караганда эркектер көбүрөөк каза болгону чындык.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты