​“Талибан” режиминен качкандардын баары эркектер”. Чуулгандуу сүрөттү текшеребиз

17-авгус күнү Julia Song аттуу Твиттер колдонуучусу “Эмне үчүн учактын ичинде бир да аял же бала жок!?” деген билдирүүнү бөлүшкөн. Ал, бул адамдар Афганистандын жарандары экенин жана алар “Талибан” режиминен качып баратканын билдирген.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

15-августта “Талибан” согушкерлери Афганистандын борбор шаары Кабулду ээлеп алып, бийликти толугу менен көзөмөлгө алган. Ошого байланыштуу “Талибан” режиминен качкан миңден ашуун Афганистандын жарандары аба майданына агылып, учуп кетүүгө аракет кылышкан. Натыйжада, аба майданында башаламандыктар орун алып 10 дон ашуун адам каза болгон.

Көпчүлүк активисттер жана интернет колдонуучулар аба майданында өлкөсүн таштап кетүүгө аракет кылгандардын дээрлик бардыгы “эркектер” экенин белгилешкен. Бул окуялардан кийин, интернет тармагында учактын ичинде бара жаткан Афганистандын жарандарынын сүрөтү чыккан.

Биз бул сүрөттүн 2018-жылы тартылганын аныктадык.

​“Талибан” режиминен качкандардын баары эркектер”. Чуулгандуу сүрөттү текшеребиз

Бул сүрөn Түркиянын Анадолу агентnтигине “Ооганстандан Түркияга мыйзамсыз кирген 6 846 иммигрант өз өлкөсүнө кайтарылды” деген ат менен чыккан. Анда, Иран аркылуу Түркияга мыйзамсыз кирген Афганистандын жарандары 4 чартердик каттам менен өз өлкөлөрүнө жөнөтүлгөнү айтылат.

Башкача айтканда бул сүрөттүн азыркы Афганистандагы кырдаалга байланышы жок.

Белгилей кетсек, буга чейин Афганистандан кетүүнү каалагандардын көпчүлүгү мурда АКШ менен байланышы бар болгондор экени айтылган.

Жыйынтык: Учактын ичиндегилер Афганистандын жарандары экени чын. Бирок бул сүрөт 2018-жылы тартылган жана азыркы кырдаалга байланышы жок.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты