Кыргызстандагы ​Ооган качкындары макам берүүнү талап кылды

  • 3 года мурун

Кыргызстанда бир канча жылдан бери жашап жаткан ооганстандык жарандар Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Бишкектеги кеңсесинин жана АКШнын элчилигинин алдына пикетке чыгышты.

Алардын алды 20 жылдан бери башпаанек ала албай жүрүшкөнүн айтып даттанып, кыргыз бийлигинен «качкын» макамын берүүнү же АКШ, Канада сыяктуу башка өлкөгө жиберүүнү талап кылышты.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Бишкектеги кеңсесинин алдына пикетке чыккан оогандыктардын бири Ажмал Жамал Кыргызстанга 1999-жылы келген. Ошондон бери «качкын» макамын ала албай жүргөнүн айтты.

“1999-жылы Ооганстанда азыркыдай абал түзүлүп, талибдер бийликти алганда Кыргызстанга келгем. Бул жакта миграция кызматына качкын катары каттоого туруу үчүн кайрылгам. Мына, Кыргызстанда жүргөнүбүзгө 22 жыл болду, балдарым бул жакта төрөлүп, окууларын аяктады. Кызым журналист, экинчи кызым доктур, балдарым велоспортчу. Бирок бирөөбүздүн да паспортубуз жок. Паспортсуз жашоо өтө оор. Чет өлкөгө чыкканды кой, сим-картаны дагы каттата албай, кыргыз жарандарынан суранабыз”.

Акцияга чыккан оогандык качкындардын айтуусунда, Кыргызстанда 400дөн ашык ооган жараны «качкын» макамын алалбай жүрөт. Буга чейин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Ооганстандын 73 жаранына «качкын» макамы берилгенин, дагы 67 ооганстандыктын башпаанек сураган өтүнүчү каралып жатканын билдирген.

Кыргызстан Ооганстандагы памирлик 1200 кыргызды кабыл ала алат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Кайрылмандар жана качкындар башкармалыгынын башчысы Жыпара Мамбетова маалымдаган.

“Биз мурда жергиликтүү билим берүү мекемелеринде окуган афган жарандарына виза берүүнү улантууга даярбыз, ошондой эле Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алгысы келген 500 студентке чейин кабыл алабыз. Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алгысы келген 500 студентке чейин кабыл алабыз» деп билдирген УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты