Депутат Урмат Самаев Токмок шаарынын мэри болууга талапкерлигин көрсөттү

Жаңылыктар

Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев Токмок шаарынын мэри кызматына талапкер катары катталды. Бул тууралуу АКИpress агенттигине БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Токмок шаарынын мэрин шайлоо 26-августка дайындалган.

Бүгүн, 18-августта, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлигине талапкерлерди каттоо аяктайт.