Садыр Жапаров Афганистандагы кыргыз жарандарын тез арада эвакуациялоону тапшырды

  • 3 года мурун

16-августта, Президент Садыр Жапаров Афганистандын аймагындагы Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында бир катар тапшырмаларды берди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта:

“Президент Садыр Жапаров ишке тартылган тиешелүү мамлекеттик органдарга Афганстандагы кырдаалдын өнүгүшүнө ар тараптан мониторинг жүргүзүүнү улантууну тапшырды. Тышкы иштер министрлигине Афганстандын аймагында убактылуу жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары менен дайыма байланышта болуу, алардын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын күчөтүү жана өз Мекенине тез арада эвакуациялоо тапшырылды.”,- деп айтылат.

Мындан тышкары, Президент улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча да бир катар тапшырмаларды берген.

Белгилей кетсек, 15-август күнү, «Талибан»* кыймылыборбор калаа Кабулду алып, Афганистанды толугу менен өзүнө каратты. Уюмдун мындай аракети АКШ менен НАТОнун аскер күчтөрү чыгарылган соң күчөгөн. Буга чейин, Афганистанда Кыргызстандын жарандары бар экени жана алар уча албай жатышканы айтылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты