ТИМ: Кыргызстандын Кабулдагы элчилиги адаттагыдай иштеп жатат

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу билдирүү таратты.

Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта министрлик Афганистандагы окуяларды, ошондой эле кырдаалдын саат сайын өзгөрүүсүн тыкыр көзөмөлдөп тургандыгы белгиленди

«Кыргызстандын Кабулдагы элчилиги адаттагыдай ишин улантууда. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана элчилик Ооганстандагы убактылуу жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары менен үзгүлтүксүз байланышта болуп, алардын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле өз мекенине эвакуациялоо үчүн бардык аракеттерди көрүүдө» деп айтылат билдирүүдө.

15-августта “Талибан” кыймылынын делегациясы Кабулдагы президенттик Ак сарайда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгы кабарланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты