​Кыргызстанда AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө улантылат

  • 3 года мурун

9-августтан тартып Кыргызстанда AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө улантылмакчы.

Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 8-августта, билдирди.

Министрликтин маалыматында Ала-Бука районундагы AstraZeneca вакцинасы менен эмделген аскерлердин саламаттыгы 5-августтан тартып көзөмөлдө болуп жаткандыгы белгиленди.

«Жоокерлер медициналык бөлүктө андан ары да кароодо болушат. Эмдөөдөн кийинки клиникалык белгилер-дене табынын көтөрүлүшү, башынын оорушу организмдин вакцинага болгон реакциясы катары кароого болот. Буга жоокерлердин вакцина алгандан кийин тынчсыздануусу (коркуу сезими) да себепчи болгон» деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

6-августта AstraZeneca вакцинасы менен Ала-Букадагы аскер бөлүгүнүн 90 жоокери эмделген. Төрт жоокердин дене табы 39 градустан жогору көтөрүлүп, башы ооруган. Кырк жоокердин дене табы бир аз көтөрүлгөн.
Окуяны иликтөө үчүн министрлик AstraZeneca вакцинасын колдонууну убактылуу токтоткон.

22-июлдан баштап Бишкек шаарында, COVID-19 га каршы AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө башталган.

17-июлда Азербайжандан Кыргызстанга 40 миң доза «AstraZeneca» вакцинасы келген.

11-июль күнү келген 1 миллион 200 миң «Синофарм» вакцинасы Кыргызстандын бардык аймактарына бөлүштүрүлгөн.

28-июль күнү Казакстан гуманитиардык жардам ирээтинде Кыргызстанга “QazVac” вакцинасынын 25 миң дозасын берди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты