Башкы прокуратура: Бакиев Кыргызстанга келсе токтоосуз түрдө камалат

  • 3 года мурун

Кыргызстандын мурдагы Президенти Курманбек Бакиев Кыргызстандын аймагына келсе же укук коргоо органдары тарабынан алынып келинсе, токтоосуз камакка алынат.

Бул тууралуу, 4-августта Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.


Маалыматта, мындай чечим Курманбек Бакиевдин 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларда жана башка кылмыштары үчүн 30 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратылгандыгы менен байланыштуу болгону айтылат.

Учурда УКМКнын ведомстволор аралык тергөө тобунун Кумтөр кенин ишке киргизүүдөгү коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин иликтеп жатканы белгиленди. Анын алкагында бир катар аткаминерлерге, Жогорку Кеңештин депутаттарына, мурдагы президент Аскер Акаевге коррупцияга шектүү катары айыптоо кабарламасы берилген.

Белгилей кетсек, 2-августта мурдагы президент Аскар Акаев Кумтөр иши боюнча тергөөгө сурак берүү үчүн Россиядан келген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты