​Дайынсыз болуп жаткан казакстандыктын сөөгү табылды

  • 3 года мурун

Ала-Көл жайлоосунда, Каракол суусунда белгисиз кишинин сөөгүн куткаруучулар чыгарган. Ал К.В. аттуу, дайынсыз жоголуп жаткан казакстандык экендиги аныкталган.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


15-июлда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ала-Көл жайлоосунда Орусиядан келген 5 турист-бир үй бүлө жана 1992-жылы туулган К.В. жана 1996-жылы туулган К.Л. –(Казакстан жарандары) эс алып жүрүшкөн. Алардын ичинен Варвар Конопасевич дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Ал акыркы жолу Каракол дарыясынын жанында болгон.

16-июлдан 21-июлга чейин куткаруучулар издеп, бирок натыйжа болгон эмес.

Бүгүн Ала-Көл жайлоосунда, Каракол суусунда белгисиз кишинин сөөгүн куткаруучулар чыгарган. Ал дайынсыз жоголуп жаткан казакстанды экендиги аныкталган.

Cүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты