​Жол кырсыгы бир кишинин өмүрүн алды

  • 3 года мурун

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 133-чакырымында «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Кырсыктын кесепетинен 20 жашиагы Э. И. аттуу эркек улан каза болгон. Жерине Кемин райондук өзгөчө кырдаал кызматынан куткаруучулар маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп берген.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты