​Бекдөөлөт Расулбеков Олимпиада оюндарында 6-орунду алды

  • 3 года мурун

Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков бүгүн, 31-июлда, Олимпиада оюндарында 6-орунду жеңип алды.


Расулбеков 96 кг салмакка чейинкилер категориясында ат салышты.

Ал булкуп көтөрүүдө 162 кг, түртүп көтөрүүдө 208 килограммды багынтты. Жалпысынан 374 кг көтөрүп, 6-орунду ээледи.

Бул салмакта он спортчу байге үчүн ат салышты.

1-орунду Катардын спортчусу Элбах Фарес Ибрахим алды. Ал 402 килограмм салмакты көтөрүү менен Олимпиаданын рекордун да жаңыртты. Спортчу булкуп көтөрүүдө 177 килограмм, түртүп көтөрүүдө 225 килограммды көтөрдү.

Күмүш жана коло байгелерди 387 килограммды эсебине жазган Венесуэла спортчусу Кейдомар Валенилья (177 кг, 210 кг.) менен Грузиянын өкүлү Антон Плесной алды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты