​Кара куурай коронавирусту дарылоодо эффективдүү — калп. Фактчекинг

  • 3 года мурун

Азамат Акбаев аттуу фейсбук колдонуучусу фейсбук тармагында ага коронавирусту дарылоо үчүн каннабис (кара куурай) сунуштаган реклама туш келгенин жазып чыккан: “Түрмөктөн ушундай жарнама чыга баштады. Кара куурай менен ковидди чогуу дарылоо? Аконит жардам берген жок окшойт, эми кара куурайга өтүшүптүр”, — деп жазган.

​Кара куурай коронавирусту дарылоодо эффективдүү - калп. Фактчекинг

Жарнамада “Ковидден бирге дарыланабыз” деген жазуусу бар сүрөт жүктөлүп, аны менен кошо тыюу салынган затты саткан телеграмм-каналына шилтеме берилген.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Алгач сүрөттө көрсөтүлгөн телеграм-каналын издеп көрдүк. Бирок кара куурай сатууга тыюу салынган зат болгондуктан, группалары жашыруун болуп, издөөдөн чыккан жок. Андан соң аны сатып алуу үчүн көрсөтүлгөн колдонуучусун таап, байланыштык.

Колдонуучудан сатып алуу тууралуу сураганыбызда ал дароо эле кайсы шаарда тураарыбызда тактай баштады.

​Кара куурай коронавирусту дарылоодо эффективдүү - калп. Фактчекинг

Ал эми коронавирусту бул чөп аркылуу дарылоо тууралуу:

“Каннабиноиддер ковид бекилген клеткаларга бекитилгендиктен, аны профилактикада колдонсо болот дешет”, — деп жооп берди.

Андан кийинки сүйлөшүүлөрдө бул чын же жалган экенин билбей тургандыгын, жана коронавирусту айыктыруу үчүн адамдарга сунуштабаганын айтты.​Кара куурай коронавирусту дарылоодо эффективдүү - калп. Фактчекинг

​Кара куурай коронавирусту дарылоодо эффективдүү - калп. Фактчекинг

Ошондой эле медициналык кара куурай жардам бериши мүмкүн экенин айтып, кардарлар көбүнчө эс алуу үчүн алаарын кошумчалады.

Кара куурай коронавирус илдетин дарылоодо жардам береби?

Медициналык канабис, ар кандай дары-дармектердин курамында бар экени чындык.

Жана анын вирус менен ооруган адамдар үчүн канчалык эффективдүү болоору тууралуу Чикаго медициналык университетинин окумуштуулары тарабынан изилдөө жүргүзүлгөн. Азыркы учурга жеткиликтүү жыйынтыктары Biorxiv медициналык журналына чыгарылып турат. Изилдөөдө байкаларлык жылыштар көрсөтүлгөнү менен, канабистин коронавируска каршы эффективдүүлүгү жөн гана болжолдонот:

“Каннибидиол оорунун алгачкы этаптарында клеткаларга киргенден кийин вирустун репликациясына бөгөт коёт. Ушундай жол менен мутанттык чип белоктору бар вирустун варианттарына каршы эффективдүү болушу мүмкүн. Бирок каннибидиолду ковидди дарылоочу терапевттик каражат катары карап, изилдөөдөн мурун бир нече маселелерди кылдат карап чыгуу керек”, — делет.

​Кара куурай коронавирусту дарылоодо эффективдүү - калп. Фактчекинг

​Кара куурай коронавирусту дарылоодо эффективдүү - калп. Фактчекинг

Жана жыйынтыктоочу барак:

“Бул каражаттын жакшы рандомизацияланган клиникалык изилдөөсү жок кезинде аны ооруну алдын алууга же дарылоого колдонууга болбосун эскертебиз”, — деп бүтөт.

Бул боюнча саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы адиси Сутуева Гуласыл айымга кайрылганыбызда:

“Канабисти бул илдетке колдонуу расмий клиникалык протоколдо жок, covid-19га каршы колдонулбайт жана сунушталбайт”, — деп жооп берди.

Ал эми ДССУ коронавирусту алдын алуу же дарылоо максатында дары-дармек, анын ичинде антибиотик жана башка каржаттарды колдонуудан алыс болууну эскертет.

Официалдуу сайтында коронавируска байланыштуу кеңири жайылган мифтерди аныктап чыгарып турат жана маалыматты ишенимдүү булактардан алууну сунуштайт. Ошондой эле ДССУ covid-19ду дарылоо ыкмаларын иштеп чыгуу боюнча аракеттерди дайыма координациялайт жана ал жеткиликтүү болгондо жаңы маалыматтарды официалдуу жарыялайт.

Жыйынтык: Кара куурай covid-19ду дарылоодо колдонулбайт, эффективдүүлүгү далилденген эмес.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты