Эмдөө коронавируска каршы иммунитетти жогорулатат. Бирок, канчалык деңгээлде экени изилдене элек

Казакстандык “Tengrinews” маалымат сайтында ооруп анан эмдөөдөн өткөн адамдардын ковидге карата иммунитети 50 эсе жогору болот деген маалымат жайгаштырылган. Анда бул маалымат медицинанын профессору Алмаз Шармандын блогунан алынганы жана бул тууралуу изилдөөлөр Nature, biorxiv журналдарга жарыялангандыгы жазылган.

Эмдөө коронавируска каршы иммунитетти жогорулатат. Бирок, канчалык деңгээлде экени изилдене элек

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Алгач вакцинанын организмге таасирин карап көрөлү. Вакцина организмде антителону иштеп чыгарат жана эмдөөдөн кийин иммундук система ооруну жана аны менен күрөшүүнүн жолдорун эстеп калат делет.

Эмдөөдөн өткөн адамдардын ковид-19га карата иммунитети 50 эсе жогору болот деп айтылган эмес

Алмаз Шарман бул казак улутундагы америкалык медицина илимпозу, биомедициналык жана демографиялык изилдөөлөр боюнча адис болуп эсептелинет.

Биз анын маалыматта айтылган ютуб каналындагы жеке блогун текшерип көрдүк. Чындыгында эле май айында “Эмне үчүн кээ бир адамдар коронавирус инфекциясын жеңил өткөрүшөт?” деген видеосунда вакцинанын организмге кандай таасир берээри тууралуу сүйлөгөн:

“Организмге вирус киргенде иммундук системабыз антителолордун жана эс-тутум иммундук клеткаларынын жардамы менен күрөшө баштайт. Инфекцияны жеңген соң калыптанган антителолор бир канча убакытттан кийин жок болот. Ал эми вирусту эстеп калган клеткалардын жашоосу салыштырмалуу узун болот, жана күрөшүүнү уланта берет. Бул клеткалар вирус менен ооругандан соң жана эмдөөдөн кийин пайда болуп, иммундук системанын ковидге каршы туруусун бекемдейт”, — дейт видеосунда.

Анын жеке блоггунда иммунитет 50 эсе жогору болот деп айтылган эмес. Бирок вакцина алуу же албоо жөнүндө сүйлөп жатып, коронавирус менен жеңил ооруган адамдарда антителолор менен эс тутум клеткалары жакшы калыптанбай калышы мүмкүн экендигин эскертип:

“Эгер мындай адамдар эмдөөдөн өтсө иммундук системасы 100 эсе жогоруламак”, — деп айткан.

Эмдөөдөн кийин адамдардын иммунитети жогорулашы чындык

Ал эми “Tengrinews” шилтеме берген Nature журналында 77 адам катышкан изилдөө жарыяланган. SARS-CoV-2 вирусу жана вакцинадан кийин пайда болгон эс тутум клеткалары коронавируска каршы иммунитетти калыптандыраары жөнүндө да жазылган.

“Жалпысынан айтканда узак жашаган BMPCs жана эс тутум B клеткалары SARS-CoV-2 вакциналарынын иммуногендүүлүгү үчүн критерийди камсыз кылат жана вирустук инфекциялардан кийин адамда пайда болгон алгачкы гуморалдык иммундук реакциялардын туруктуулугун баалоого негиз берет”, — делет макалада.

Шилтеме берилген дагы бир BioRxiv журналында да эс тутум клеткаларынын 6 айдан кийин да сактала берээри тууралуу жазылган.Эмдөө коронавируска каршы иммунитетти жогорулатат. Бирок, канчалык деңгээлде экени изилдене элек

Бирок эки журналда тең эмдөөнүн иммундук системаны 50 эсе жогорулатаары тууралуу эч нерсе айтылган эмес.

Ошону менен бирге эмдөөдөн кийин пайда болгон иммундук эс тутум клеткалары covid-19 менен күрөшүү менен катар бул вирустун мурда көрбөгөн мутацияланган штаммдарынын айрымдарына да туруштук бериши мүмкүн экендиги баса белгиленген.

Жыйынтык: Эмдөө коронавируска каршы иммундук системаны бекемдээри чын, бирок канча пайыз экени белгисиз.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты