​“Эксперт-эколог эскертет”. Коронавирус тууралуу дагы бир фейк

Кыргызстанда WhatsApp мессенджери аркылуу жарандарды вакцина албоого үндөгөн аудио таркап жатат. Анда аялдын үнү өзүн отуз жылдык стажы бар эколог-эксперт, белгилүү укук коргоочу Елена Васильева деп тааныштырат. Аудио аркылуу ал коронавирустун коопту эмес экендигин жана вакцинациядан кийин көп өлүмдөр катталып жатканын билдирүүдө.

Чындыгында, Елена Васильева деген адамдын жеке сайты бар. Анда “Елена Васильеванын ишмердүүлүгү калктын саламаттыгын сактоого жана дүйнөдө согуштардын токтоосуна арналган”, — деп айтылат. Бирок, Елене Васильеванын жеке сайтында илимий фактыларга таянган кандайдыр-бир илимий изилдөө табылган жок.

Эколог бул — кырдаалды талдоо жана жаратылышка болгон жана мүмкүн болгон зыянды азайтуу боюнча чараларды иштеп чыгуу боюнча адис. Эколог табигый кырсыктардын себептерин аныктап, адам факторунун айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтуу мүмкүнчүлүктөрүн иштеп чыгат.

Биздин редакция бул аудиодогу билдирүүлөрдү текшерип көрдү.

1-билдирүү:

“Sars вирусу, бизге айтып жаткандай, кооптуу эмес. Бул ковиддин мутациясы мурун эле белгилүү болчу. Бул вирус туруктуу эмес жана бат күчүн жоготот” — калп.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус адамдын өпкөсү, жүрөгү жана нерв системасы жабыркап, дем алуу көйгөйлөрү, жүрөк оорулары козголоорун билдирген. Мындан сырткары, америкалык Джон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, буга чейин 195 миллиондон ашык адам коронавирус жуктуруп, 4,1 миллион адам каза тапкан. Ошондой эле, үстүбүздөгү жылдын март айында Индияда күч алган коронавирустун “Дельта” штаммы вирустун күчтөнүү потенциалын көрсөтүүдө. “Дельта” штаммы антителолорго каршы туруктуулукту көрсөтүп, өлүмдөр саны көбөйүүдө.

2-билдирүү:

“Жасалма дем алдыруучу аппараттар өпкөнүн өз алдынча дем ала албай турган абалга жеткизет” — калп.

Жасалма дем алдыруучу аппараттар адамга дем алууда колдонулат. Бул аппарат адамдын организмине вирусту жеңүү үчүн кошумча жардам катары колдонулат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматында коронавируска чалдыккандардын 80%ы жеңил формада ооруй турганы, бирок 15% бейтаптарга жасалма дем алдыруучу аппараты аркылуу кычкылтек терапиясы, ал эми 5% бейтаптарга интенсивдүү терапия керек экендиги айтылат. Жасалма дем алдыруучу апараттар адамдын денесине өпкөсү жетиштүү түрдө кычкылтек жеткире албай калган учурда колдонулат. Ал эми коронавирустан биринчи өпкө жабыркай турганы жана кычкылтектин денеге жетишсиз көлөмдө иштеп чыгарылышы далилденген.

3-билдирүү:

“Вакцинациядан кийин адамдар көп өлүп жатат” — деген билдирүү да чындыка дал келбейт.

Буга чейин бир канча мамлекеттерде вакцина алган адамдардын өлүмү катталды деген маалыматтар тараган. Бирок, бир канча эл аралык уюмдар жана эксперттер бул өлүмдөрдүн вакцинация менен байланышын аныктай алышкан эмес.

4-билдирүү:

“Бизди мурундун бүтүшүнөн коопту эмес оору менен коркутуп жатышат” — калп.

Коронавирустан улам каза тапкандардын статистикасы бул билдирүүнү жокко чыгарат. Кыргызстанда оору аныкталгандан тарта, коронавирус 160 миң адамдан аныкталып, 2288 адам каза тапты. Мындан сырткары, изилдөөчүлөр ковид менен ооруп чыккандар арасында постковиддик оорулар пайда болушу мүмкүн экендигин далилдешкен. Бат чарчоо, муундардын оорушу, депрессия, дем алуу жана жүрөк оорулары жана башка өнөкөт оорулары күч алышы мүмкүн. Азырынча постковиддик синдромдорду кантип дарылоо керек экендиги тууралуу сунуштар айтыла элек.

5-билдирүү:

“Вакцина алган адам вирустун жаңы штаммдарын чыгарган фабрикага айланат”. Бул билдирүү да чындыка дал келбейт.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, вакциналар вирустун жайылышын азайтып, анын жаңы штаммдарын пайда болушуна жол бербейт.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 27-июлга карата 476 миң 232 адам, алардын ичинен 109 миң 232 адам вакцинанын экинчи дозасын алган.

Жыйынтык: WhatsApp мессенджери аркылуу тарап жаткан Елена Васильеванын коронавирус тууралуу билдирүүлөрү — фейк.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты