Белгилүү мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыков көз жумду

  • 3 года мурун

28-июлда мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыков 78 жаш курагында каза болду. Маркумдун жакындары “Азаттык” үналгысына ал ооруудан улам көз жумганын билдиришкен. Үсөн Сыдыковду акыркы сапарга узатуу зыйнаты, 29-июлда өткөрүлөт.


Үсөн Сыдыков 1943-жылы Ош облусунда төрөлгөн. 1971-жылдан баштап Кыргызстандын Түштүк аймагында Коммунисттик партиялардын жетекчилик кызматтарын аркалаган.

1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеген. Кийинчерээк, 2005-2006-жылдары ошол кездеги мамлекет башчысы Курманбек Бакиевдин президенттик администрациясынын жетекчиси, 2006-2008-жылдары мамлекеттик кеңешчиси болгон.

2010-жылдын 14-майында төңкөрүштү уюштурууга катышты деген шек менен кармалган.

Белгилей кетсек, Үсөн Сыдыков 1995-жылы “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясын жетектеген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты