Covid-19: Кыргызстанда бир суткада 13 киши каза болду

Жаңылыктар

28-июлга карата, Кыргызстан боюнча коронавирус жуктуруп алган 996 киши катталды.

Бишкек шаары – 603;

Ош шаары – 9;

Чүй облусу – 126;

Ош облусу – 26;

Талас облусу – 12;

Нарын облусу – 14;

Ысык-Көл облусу – 56;

Джалал-Абад облусу – 92;

Баткен облусу – 58.

Бир сутка ичинде каза болгондордун саны 13кө жетти.

Белгилей кетсек, коронавирус илдети тарагандан бери Кыргызстан боюнча жалпы 2288 адам көз жумду.