Бишкек шаарынын вице-мэри жол кырсыгына кабылды

  • 3 года мурун

Бишкек – Ош унаа жолунун 217-чакырымында Toyota Alphard унаасынын айдоочусу бетон тосмону сүзүп алган. Бул кырсык кечээ, 26-июлда, болжолдуу саат эртең мененки 6 да болгон. Андан бир катар жүргүнчүлөр, анын арасында Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жабыркап, ооруканага жаткырылган.

Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда унаада жүргүнчү катары Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев, дагы эки жүргүнчү райондук ооруканага жаткырылган.

Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, текшерүү жүрүп жатат.

Cүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты