ДССУ: Коронавирустун пайда болушуна байланыштуу гипотезалар далилдене элек. Фактчекинг

Facebook социалдык тармагында кытай окумуштуулары коронавирустун табигый шартта жаралганын далилдегенин айткан билдирүү тараган. ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

ДССУ: Коронавирустун пайда болушуна байланыштуу гипотезалар далилдене элек. Фактчекинг

Адам колу менен жаратууга болбойт

Кытай окумуштуулары Science China Life Sciences илимий журналына “SARS-CoV-2дун келип чыгышы жөнүндө — сокур саат жасоочулардын аргументи” аталышындагы илимий макаласын жарыялашкан. Илимпоздор классикалык эволюция теориясын колдонушкан.

Кытайлык 21 кытай окумуштуу жана бир британиялык илимпоз эмне үчүн жаңы коронавирус жаратылыштан пайда болуп, аны адам колу менен жаратууга болбой тургандыгын изилдешкен. Бул макала биология илимдери, жаныбарларды изилдөө жана генетика боюнча адистешкен Кытайдын алдыңкы университеттеринин окумуштуулары менен биргеликте жазылган.

SARS-CoV-2 адам популяцияларына өтө ылайыкташкан

Адаптациялоонун мындай өнүгүшү пандемия башталганга чейин этап-этабы менен тандоо жолу аркылуу гана болушу мүмкүн. Ушул көз караштан алганда, SARS-CoV-2 чоң шаардагы жаныбарлар базарында жана лабораторияда дагы өнүгө албарын окумуштуулар айтышкан.

Кандайдыр бир тирүү организмдин келип чыгышы узак мөөнөттөгү эволюцияны жана тактоолорду талап кылат. Демек, SARS-CoV-2 адамдын шартына ушунчалык сонун ылайыкташуу үчүн кантип, качан жана кайда өнүгөт деген суроо туулат. Баштоо чекити кээ бир жапайы жаныбарларга жакшы ыңгайлашкан вирустук штамм болушу мүмкүн. Жаныбарлардан адамдарга адаптация болушу үчүн убакыт керек болгон.

Макалада, кемчиликсиз ылайыкташтырылган түр токтоосуз жаралбай тургандыгы, узак убакыт аралыгында кичинекей өзгөрүүлөргө жана көп санда мутацияларга дуушар болушары айтылат.

COVID-19 чыкканга чейин, вирустар жапайы жаратылышта дагы, адамдарда дагы кайталап инфекциядан өткөн болушу керек деген бүтүмгө келдик. Ошол эле учурда, вирустар бара-бара адамга ылайыкташтырыла турган мутацияны топтошкон.

Ушу күнгө чейин ооруну алып жүргөн жаныбар табыла элек

Айрым окумуштуулар коронавирустун табигый шартта эмес, лабораториядан жайылган деген пикирди карманышат. Ортомчу жаныбарды табуу жагынан, кытайлык изилдөөчүлөр 80,000ден ашуун жапайы жана үй жаныбарларына тест жүргүзүшкөн. Алардын эч кимисинде SARS-CoV-2 табылган эмес. Айрымдар вирустун адаттан тыш белгилери жана генетикалык ырааттуулугу бар болгондуктан, аны адамдар жараткан деп божомолдошот.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму үн ката элек

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кытай өлкөсүнүн окумуштууларынын изилдөөсүн каржылоону улантарын жетекчиси Тедрос Адханом Гебрейесус айткан. ДССУ азырынча жогорудагы варианттардын бирине дагы так комментарий бере элек. Ухань шаарына болгон иш сапарында Тедрос Адханом бардык гипотезалар ачык, далил талап кыларын белгилеген. Ал эми кытай окумуштууларынын изилдөөсүнө карата официалдуу түрдө комментарий бере элек.

Жыйынтык: Кытай окумуштуулар коронавирус табигый шартта пайда болгондугун илимий түрдө далилдешкен. Бирок, ДССУ коронавирустун пайда болушуна байланыштуу гипотезалар далилденбегенин билдирген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты