Кыргызстандык спортчулар грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болушту
- 3 года мурун
Кечээ, 25-июлда, Будапешт шаарында (Венгрия) жыйынтыкталган грек-рим күрөшү боюнча кадеттер арасындагы чемпионатында кыргызстандыктар эки алтын, бир коло байгенин ээси болушту.
Грек-рим күрөшүнөн 51 килограммга чейинки салмактагы балбан Нуристан Сүйөркулөв жарым финалда грузиялык Бесо Махерадзени 8:3 эсебинде, финалда украиналык Юрий Товтту 3:1 эсебинде жеңип, кадеттер арасында дүйнө чемпиону болууга жетишти.
60 килограмм салмакта килемге чыккан Раззак Бейшекеев жарым финалда индиялык Сумит Сумитти 10:8 эсебинде, финалдык беттеште ирандык балбан Сеййедмостра Сейеджафар Резаеи Дариакеннарини 4:1 эсебинде жеңип, алтын медалга ээ болду.
45 килограмм салмакта коло байгеге татыган Нурболот Бердикулов жарым финалда украиналык Никита Дементьевге 0:10 эсебинде жеңилди. Үчүнчү орун үчүн беттеште ирандык Али Абдоллах Ахмади Вафаны 8:0 эсебинде жеңип алды.
Эске сала кетсек, спорттук күрөш боюнча кадеттер арасындагы дүйнө чемпионаты 19-июлда Будапешт шаарында башталган.
Сүрөт: UWW / Нуристан Сүйөркулов