​Улукбек Ормоновдун ысырапчылыкка каршы мыйзамында 35 миңден 100 миңге сомго чейин айып каралган

Жаңылыктар

21-июлда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана маданият боюнча комитети той-топурларды, маркумду акыркы сапарга узатуу ырым-жырымдарын тартипке келтирүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.


Депутат Улукбек Ормонов демилгелеген бул мыйзам долбоору боюнча:


- үй-бүлөлүк мааракелерге жана иш-чараларга келген коноктордун саны 100 адамдан көп болбошу керек;

- үйлөнүү үлпөт тойго 200дөн ашык адам чакырылбайт жана той бир күндө аякташы керек;

- никеге туруу салтанатында үчтөн ашык унаа колдонулбашы керек;

- маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүндө бодо мал союлбайт;

- Таажиядан кийнки аза күтүүгө байланыштуу ырым-жырымдарга (жетилик, кыркылык, аш)100дөн ашпаган киши чакырылып, ал дагы бодо мал союлбастан өткөрүлөт;

- Ажылыкка барган зыяратчыларды узатуу жана тосуп алуу иш-чаралары үй-бүлөлүк чөйрөдө гана өткөрүлөт;


Мыйзамды бузгандар үчүн айып пул киргизүү сунушталып, жеке адамдарга 35 миң сом, юридикалык жактарга 100 миң сом деп белгилөө сунушталууда.


Фото интернеттен алынды