​OCCRP: «Пегас» тыңчылык тизмесинде казак президенти менен өкмөт башчысы да болгон

  • 3 года мурун

20-июлда Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору (OCCRP) Pegasus («Пегас») тыңчылык уюмунун Казакстанга тишелүү бөлүгүн жаңыртты. Ага Казакстандын президенти КасымЖомарт Токаев, премьерминистр Аскар Мамин жана Алматынын акими Бакытжан Сагынтаев кирди.


Башында тизмеде эки журналист жана үч коомдук активист – бардыгы беш адам болгон. Ошол эле маалда OCCRP Казакстан тизмесинде эки миңдей номур бар экенин эскерткен.

Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору (OCCRP) 18-июлда иликтөө жарыялаган. Анда дүйнөдөгү бир катар өлкөнүн бийлиги чалгын жабдыктарын өндүргөн Израилдин NSO Group компаниясынын Pegasus программасын колдонуп, журналист, жарандык активисттердин 50 миңден ашык телефон номери тымызын тыңшалганы айтылат.

Аталган программа телефон сүйлөшүүлөрдү, смс-билдирүүлөрдү жаздырып алып, уюлдук телефондо тартылып сакталган видео жана сүрөттөрдү көчүрүп, GPS аркылуу колдонуучунун кайда жүргөнүн аныктап турган.

OCCRP бул жабдыкты Азербайжан, Бахрейн, Венгрия, Индия, Индонезия, Казакстан, Мексика, Марокко, Руанда, Сауд Аравия, Того сыяктуу өлкөлөр колдонгонун ашкере кылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты