​Кыргызстанда онкологиялык ооруларга каршы дары-дармек чыгаруучу завод жок. Депутаттын сөзүн текшеребиз

Фактчекинг

14-июль күнү Жогорку Кеңештин расмий сайтында, “Кыргызстанда кыска убакыт аралыгында дары-дармек чыгарууга ылайыктуу завод бар” деген маалымат жарыяланган.

Бул тууралуу депутат Чыңгыз Макешов билдирген. Маалыматта, Кыргызстанда 7 жыл мурун ачылган “Ипар Фарм” аттуу компания бар экени жа ал онкологиялык жана жүрөк-кан тамыр ооруларына каршы дары-дармек өндүрүп чыгууга жөндөмдүү экени айтылат.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.


“Ипар Фарм” компаниясы

“Ипар Фарм” ЖЧКсы 2001-жылы Үрүмчү шаарында негизделген. Компаниянын сайтында азыркы убакка чейин 50дөн ашуун уйгур элдик медицинасына негизделген препараттар өндүрүлүп, алардын арасынан 33ү тиешелүү клиникалык сыноолордон өткөрүлгөнү жазылган.

Аталган компания негизинен, элдик медицинага жана дары чөптөргө таянып көбүнчө “Биологиялык активдүү кошулмаларды” (БАКтарды) өндүрүп чыгарат. Мындан сырткары, косметикалык жана гигиеналык каражаттар дагы өндүрүлөт.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, “Ипар Фарм” компаниясы Кыргызстанда официалдуу түрдө 2009-жылдын 3-декабрында катталган.

2014-жылы кайра каттоодон өткөрүлгөн. Башкача айтканда, “Ипар Фарм” компаниясы Кыргызстанда официалдуу катталгандан бери 7 жыл эмес 12 жыл өттү.

“Ипар Фарм” ЖЧКсынын Кыргызстанда дары өндүрүп чыгуу үчүн мүмкүнчүлүгү барбы деген суроо менен компаниянын Бишкектеги өкүлчүлүгүнө кайрылганыбызда врач Токтокан Маматжанова буларга токтолду:

“Бизде дары чыгаруу мүмкүнчүлүгү мурдатан бери эле бар болчу. Ал үчүн атайын завод курулуп, техникалар менен камсыздалган. Бирок, кыргыздын жетекчилери компаниянын кирешесинин бир бөлүгүн бересиң дегенде, компания президенти Абдулхаким Мухаммад Имин макул болбой койгон. Кыргызстан пайдалуу чөптөргө бай болгондуктан, бул заводду куруу пландалган. Анткени биздин продукциялардын басымдуу бөлүгүн БАКтар түзөт”,- деп билдирди.

БАКтар онкологиялык ооруулар менен күрөшө албайт

БАКтар же Биологиялык активдүү кошулмалар - тамак-аштын курамында болбогон витаминдерди табийгый жол менен байытуу процесси болуп эсептелет. Мисалы: калций витамини, цинк, В витамини сыяктуу кошулмалар БАК болуп саналат.

Кыргызстанда БАКтардын өндүрүшүн жайылтуу жана рекламалоо 2013-жылы кабыл алынган мыйзам менен чектелген.

Ага ылайык, БАКтарды медицина кызматкерлеринин рекламалоосуна, дарыканаларда сатылуусуна жана тармактык маркетинг жолу менен элге жайылтылуусуна тыюу салынган. Анткени, ошол жылдары БАКтарды мыйзамсыз өндүрүү күч алып, бир топ дарыгерлер алардын элге зыяны көп болуп жатканын айтышкан.

Мындан сырткары, онколог Айчүрөк Кожоналиева БАКтар рак менен күрөшпөй, бейтаптардын абалын андан бетер оорлошутуп жибере турганын билдирген. Ушундай эле жыйынтыкты Тафтс университетинин окумуштуулары тарабынан жүргүзгөн изилдөөдө айтылган. Ага ылайык, БАКтарды өлчөмүнөн ашыкча колдонуу ракка алып келиши мүмкүн экени далилденген.

Мындан сырткары, дүйнө жүзүндө азыркы күнгө чейин ракты жеңе турган дары ойлонуп табыла элек. Рактын симптомдорун жеңилдетүүгө багытталган дарылар болсо, 10 жылдан 15 жылга чейинки убакыт аралыгында клиникалык сыноолордон өткөрүлүп, 1 миллион доллардан ашык каражат сарпталат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда дары өндүргөн компаниялар дээрлик жокко эсе. Ошондуктан дары-дармектердин 97%ы башка өлкөлөрдөн импорттолот.

Жыйынтык: “Ипар Фарм” компаниясынын Кыргызстанда официалдуу катталганына жети жыл эмес, 12 жыл болду. Компаниянын дары өндүрүп чыгуу үчүн заводу бар экени айтылса да, ал ракка каршы дарылар эмес. Демек, Кыргызстанда ракка каршы дары-дармек чыгаруучу завод бар деген маалымат калп.