​Машыгууда сабалган орус балага Россиянын Патриархы кат жазды

  • 3 года мурун

Москва жана Бүткүл Россиянын Патриархы Кирилл Ысык-Көлдөгү спорттук лагерде теңтуштары менен болгон жаңжалдан улам жапа чеккен баланын үй-бүлөсүнө кат жөнөттү.


Москва Патриархатынын сайтындагы маалыматта:

«Машыгуу лагериндеги окуяны аябай тынчсыздануу менен билдим. Сизге чын дилимден тилектеш экенимди билдиргим келет. Россиядагы жана башка өлкөлөрдөгү миллиондогон бир туугандарыңыз ушул оор учурда сизге боор ооруп жатышат. Сизди жана сиздин үй-бүлөңүздү Москвага барып, православдык ыйык жайларга зыярат кылууга, жаңы достор менен таанышууга жана ишенимиңизди бекемдөөгө чакырам”, — деп жазылган.

Эске салсак, тогуз жашар орус улутундагы баланы Ысык-Көл облусундагы спорттук машыгуу учурунда теңтуштары анча-мынча ыдык көрсөтүп, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, жабырлануучунун ден-соолугуна бир аз зыян келген.

Ал ата-энесине кичинекей жолдоштору диний көз карашы үчүн кысмакка алганын айткан.

Окуяны Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өз көзөмөлүнө алган.

«Россотрудничество» уюмунун башчысы Евгений Примаков орус баланын сабалышын иликтөөгө чакырып, орустарды Кыргызстандын «цивилизациялуулугунун» кепилдиги деп атаган.

Примаков орус тили «жогорку маданияттын, илимдин, экономиканын тили» экендигин жана жүз миңдеген кыргыз мигранттары Россияга иштөөгө аргасыз экенин баса белгилеп, «Орустарга жана Россияга тиешеси бардык жарандарга кам көргүлө», — деген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты