​Францияда Президенттин вакцина боюнча чечимине каршы демонстрация болгон. Фактчекинг

Facebook тармагынын колдонуучусу өзүнүн баракчасына француз эли коронавируска жана вакцинацияга каршы митингге чыгышканын жазып чыккан. ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

​Францияда Президенттин вакцина боюнча чечимине каршы демонстрация болгон. Фактчекинг

Билдирүүдө “Коронавируска жана милдеттүү вакцинацияга каршы демонстрация болуп жатат. Мындай митингдер буга чейин да болгон. Эми Францияга жетти. Эркин адам жай ойгонот”, — деп калтырат.

Ал эми башка билдирүүсүндө “Браво, француздар! Франциянын 130 шаарында коронавирус «циркине» каршы адамдар массалык түрдө көчөгө чыгышты. Медиадан же телевизордон мындайды көрө албайсыз. Элдин күчү жана биримдиги кандай !!! А биз сербдер, эмнени күтүп жатабыз ????”,- деп жазат.

Сүрөт 2018-жылы тартылган

Алгач, арткы фонунда агылган эл жана Франциянын желегин кармап турган аялдын сүрөтүн текшерип көрдүк.

2018-жылы футбол боюнча дүйно чемпионты болуп, анда Франция жана Хорватия өлкөлөрүнүн командалары финалдык беттеш уюштурушкан. Беттеште франциялык курама команда жеңишке жетишкен.

Португалиянын спорт газетасы болгон “gazetaesportiva” “Дүйнө жүзү боюнча француз жана хорват күйөрмандарынын кечелеринин сүрөттөрүн көрүңүз” деген макаласын жарыялашкан. Дал ошол макалада жогоруда желек кармап, аркасын карап турган аялдын сүрөтү берилген. Жеңишке жеткен француздар агылып көчөгө чыгышкан. Бир канча басылмалар Францияда мынча көп эл топтоло электигин белгилешкен.

​Францияда Президенттин вакцина боюнча чечимине каршы демонстрация болгон. Фактчекинг

Бул “gazetaesportiva” газетасына жарыяланган сүрөт.

Жыйынтык: Сүрөт 2018-жылы Франция футбол боюнча чемпион болгондо тартылган.

Францияда демонстрация болгону — чын

“Оuest-france.fr” басылмасы 114 000ге француздар демонстрацияга чыкканын жазган.

12-июль күнү Франциянын президенти Эммануэль Макрон өз элине карйылуу жасап, жарандар милдеттүү түрдө вакцина алышы керек экенин билдирген. Ал кайрылуусунда «Биз канчалык вакцинациялаган сайын, вирустун жайылышы басаңдайт, ошончолук ооруканага жатуудан жана вирустун башка мутацияларынан алыс болобуз. Өзүбүздү жана биримдигибизди коргоо үчүн биз бардык француздарды эмдөөдөн өткөрүшүбүз керек. Анткени бул кадимки жашоого кайтуунун жалгыз жолу», — деп айткан.

Макрон бүт мамлекеттик кызматкерлерди вакцина алууга чакырып 15-сентябрга чейин убакыт берген. Бул убактан кийин санкциялар колдонуларын эскерткен. Бирок негизги жарыя коронавируска каршы терс жыйынытыкты же вакцинациялангандыгы жөнүндө күбөлүктү 12 жаштан жогору бардык жарандар болуусун айткан. Бул бардык коомдук жана маданий мекемелер үчүн керектелет деген. Бул бардык жарандар үчүн вакцина алууну милдеттендирет.

Париж, Кан , Руан, Ренн , Перпиньян шаарларында массалык демонстрациялар болуп өттү. Париж шаарында эле 18 миңге жакын киши топтолгон. Катышуучулар “Макрон-диктатор”, “Диктатурага жол жок”, “Менин денем-менин ишим”, “Милдеттүү вакцинацияга, диктатурага, манипуляцияга каршыбыз” — деген плакаттар менен чыгышкан.

​Францияда Президенттин вакцина боюнча чечимине каршы демонстрация болгон. Фактчекинг

​Францияда Президенттин вакцина боюнча чечимине каршы демонстрация болгон. Фактчекинг

​Францияда Президенттин вакцина боюнча чечимине каршы демонстрация болгон. Фактчекинг

Жыйынтык: Манипуляция. 130 шаарда демонстрация өткөнү жалган. 114 000 катышуучу президенттин вакцинаны алууну милдеттендиргенине жана вакцинациялангандыгы жөнүндө күбөлүк алып жүрүү чечимине каршы чыгышкан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты