​Коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөгөндөр вирустун “суперташуучулары” болушат (Фактчекинг)

18-июль күнү, Фейсбук социалдык тармагында коронавируска каршы вакцина алуунун маанилүүлүгү тууралуу маалымат жарыяланган.

Аталган постко, Айпери Токтосунова аттуу интернет колдонуучусу, вакцина алган адамдар вирустун “суперташуучусу” болоорун жана эмдөө алуунун керексиз экенин айткан билдирүү калтырган.

​Коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөгөндөр вирустун “суперташуучулары” болушат (Фактчекинг)

ПолитКлиника медиасы, вакцина алгандар вирустун “суперташуучусу” болот деген маалыматты текшерип көрдү.

2019-жылы коронавирус илдети жайылгандан баштап бир топ өлкөлөрдө Covid-19га каршы вакциналар чыгарыла баштады. Азыркы учурда, 30 га жакын мамлекетте вакциналар өндүрүлүп, дүйнө жүзү боюнча 3 миллиондон ашуун адам эмделди.

Вакцинага байланыштуу талаш пикирлер

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун вакциналардын статусун белгилеген индекси боюнча, сунушталып жаткан препараттардын эффективдүүлүгү 79%дан баштап 95%га чейин экени көрсөтүлгөн. Башкача айтканда, эч бир вакцина коронавирустан 100%дык коргоону камсыздай албайт.

Мындан сырткары, коронавируска каршы вакцина алган адамдардын экинчи жолу вирус жуктуруп алуу коркунучу бар экени да изилденген.

Мисалы, 6-май күнү New England Journal of Medicine журналында жарыяланган изилдөөдө Колифорниядагы 28 миң медицина кызматкери изилденип, вакцинациядан кийин COVID-19га оң натыйжа берген 7 киши аныкталган.

Бул эмдөө алгандардын 0,02% ын түзгөн. Окумуштуулар, вакцинанын 2 дозасын алгандарда кайра ооруну жуктуруп алуу коркунучу минималдуу экенин белгилешкен. Башкача айтканда эмдөөдөн кийин экинчи жолу ооруп калуу коркунучу болсо да, бул сан эмелбеген адамдарга караганда аябай эле аз экени далилденген.

Дал ушул себептен, кээ бир окумуштуулар вакцина алган адамдар вирустун “суперташуучусу” болот деген божомолдорун айтышкан. Анткени, вакцина алган адамдар ооруну жеңил өткөргөндүктөн аны грипп менен алмаштырып, башка адамдарга жугузуп коюшу мүмкүн деген кооптонуулар айтылган.

Бирок, АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору (CDC) жүргүзгөн изилдөөдө вакциналардын коронавирус менен ооруп калуудан эффективдүү коргой турганы далилдеген. 3450 медицина кызматкери катышкан бул изилдөөдө, вакцина алган адамдарда коронавирустун симтомдуу жана симптомсуз түрү менен ооруп калуу коркунучу дээрлик 10 эсеге аз экени далилденген.

Башкача айтканда, эмдөө албаган адамдар вакцина алган адамдарга караганда коронавирустун симптомдуу жана симптомсуз түрлөрү менен көп ооруйт. Бул өз кезегинде, вакцина алган адамдарга караганда, эмделбеген адамдар Covid-19 дун реалдуу “суперташуучулары” экенин далилдейт.

Мындан сырткары, вакциналар жаңы чыгып жаткан коронавирустун штаммдарына каршы да эффективдүү коргонууну камсыздай алаары далилденген.

Белгилей кетсек, коомдо коллективдүү иммунитет пайда болуп, коронавирус жөнөкөй оорулардын катарына кириши үчүн калктын 70-80%ы иммунизациядан өтүшү зарыл.

“Биз эксперименттик чычкан эмеспиз” Вакцина диссиденттери эмне себептен вакцина алуудан качышат?

Коронавируска каршы вакциналар максималдуу тез убакытта өндүрүлүп чыккандыктан, дүйнө жүзүндөгү адамдардын арасында кээ бир терс пикирлерге жол ачкан. Көпчүлүгү, Covid-19га каршы вакциналардын изилдөөсүнүн 3-фазасы жыйынтыкталбаганын айтышып, “бизди эксперименттик чычкан катары көрүп жатышат” деген позицияны карманышат.

Бирок, Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюму сунуш кылган вакциналардын 3-фазасынын клиникалык изилдөөсү башка мамлекеттерде сыноодон өткөрүлгөн. Мисалы, Кытайда чыгарылган “Sinopharm” препаратынын 3-фазадагы клиникалык сыноосу Бириккен Араб Эмиратында, Сербия сыяктуу 10 өлкөдө жүргүзүп, эффективдүүлүгү 79,34% экени көрсөтүлгөн.

Мындан сырткары, вакциналарды өндүрүп чыгуу алгач жаныбарларга андан соң башка бир топ сыноолордон өткөрүлгөн соң гана адамдарга жүргүзүүгө уруксат берилет.

Ошондуктан, Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавируска каршы вакциналардын коопсуз экенин айтып эмдөөдөн өтүүгө үндөп келет.

​Коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөгөндөр вирустун “суперташуучулары” болушат (Фактчекинг)

Ал эми, коронавируска каршы вакциналардын тез убакта өндүрүлүп чыгышын окумуштуулар, технологиянын өнүккөндүгү жана вакцина өндүрүп чыгуудагы мурдагы тажрыйбалар мол болгондугу менен байланыштырышкан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 12-июлга карата 129 миңден ашуун адам эмдөөдөн өттү. Бул Кыргызстандын 2%ы гана эмдөөдөн өткөнүн айгинелейт.

Жыйынтык: Covid-19 га каршы вакцина алгандар вирустун “суперташуучусу” болот деген маалымат далилденген эмес. Ошондой эле, эмдөөдөн өтпөгөндөр вакцина алган адамдарга караганда көбүрөөк ооруй турганы жана башкаларга жугуза турганы далилденген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты