Суу ташкынга байланыштуу Германия жетекчилигине көңүл айтылды

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров Германия канцлери Ангела Меркелге жана өлкө Президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге Германиядагы суу каптоонун кесепеттеринен каза болгондорго байланыштуу көӊʏл айтты.

“Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана өзүмдүн атымдан Түндүк Рейн-Вестфалия жана Рейнланд-Пфальц федералдык аймактарында суу каптап, анын кесепеттеринен көптөгөн адамдар каза болгондугуна байланыштуу тереӊ кайгыруу менен көӊʏл айтам. Бул кырсыкта каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөм. Жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм” деп айтылат деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Кобленц полиция башкармалыгынын маалыматына караганда, Рейнланд-Пфальц жергесинде 110 киши курман болду. Дагы Түндүк Рейн-Вестфалия жергесинде 45 киши сууга агып кетти. Ал эми Берхтесгаден Бавария районунда кеминде бир киши каза тапты.

Сүрөт: Германиядагы суу ташкын. РИА Новости агенттигинен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты