Аксыда сел алып кеткен баланын сөөгү табылды

  • 3 года мурун

Ак-Жол айыл аймагынын Кум-Булуң тилкесиндеги Кара-Суу дарыясы менен Нарын дарыясына куйган жердеги жээктен 5-6 жаштагы баланын сөөгү жаткандыгы туралуу маалымат түшкөн. 17-июлда ӨКМ республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 9 куткаруучу тартылган. Кечээ саат 15:20да баланын сөөгүн чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.


12-июлда Ак-Жол айыл аймагындагы Жолборсту айылындагы Алты-Айры жайлоосуна жааган жамгырдан кесепетинен Жолборсту сайынан сел жүрүп, 8 адамды агызып кеткен.

Издөө иштеринин натыйжасында 7 адамдын жансыз денелери табылып, 2016-жылы туулган К.А. аттуу бала табыла элек болучу

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты