​Динара Кутманова: «Центерра» кыргыз өкмөтүн мурдагыдай деп ойлоп жатат окшойт»

  • 3 года мурун

Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова «Биринчи радиого» берген маегинде «Центерра», Кыргызстан койгон 3 млрд. долларлык доосу тууралуу айтып берди.


Анын айтымында, «Центерра» компаниясы элге «Кумтөрдүн» жамаатына кайрылып, үч жолу ачык кат жазып, кыргыз бийлигин сүйлөшүүгө чакырууда.

«Алар сүйлөшүүлөргө барабыз деп жатышат, анткени менин түшүнүгүм боюнча, алар кыргыз өкмөтүн мурдагыдай деп ойлоп жатышат окшойт. Элге, жамаатка кайрылымыш болуп алар өкмөткө: «Сүйлөшүүлөргө келиңиз, биз даярбыз» деп жатышат. Бул алардын бизди текшерүү ыкмасы. Биз койгон 261 миллиард сомдук доо мыйзам бузуу фактыларынын негизинде аныкталган.

Бир дагы эл аралык сот кыргыз сотунун чечимин кароого жана жокко чыгарууга укугу жок, анткени биздин Конституцияга ылайык, биздин мыйзамдар жана сот тутуму эч кимден көз каранды эмес. Эл аралык сот адам укуктары бузулуп жатса кийлигише алат, бирок, бул жерде адам укуктары боюнча эч кандай маселе жок, экология маселеси гана бар. Биздин соттун чечимин эч ким жокко чыгара албайт, ошондуктан «Центерра» Кыргызстан койгон 3 миллиард доллар доону төлөшү керектигин түшүнүп жатат. Ошондуктан бизди сүйлөшүүгө чакырууда»,- дейт Динара Кутманова.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты