Алмазбек Атамбаев кайсы саясий кызматка келиши мүмкүн?

Алмазбек Атамбаев кайсы саясий кызматка келиши мүмкүн?

КСДПнын жалпы республикалык съезди экинчи жолу жылдырылды. Бул жолу февралдын аяк жагында өтөрүн партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Марат Аманкулов билдирди. Съездде Алмазбек Атамбаевди партиянын лидерлигине бекитүү маселеси каралышы күтүлүүдө.

Бул иш-чара белгисиз себептер менен экинчи жолу жылдырылып отурат. Адегенде ал декабрда өтөт деп айтылган болчу, бирок президенттин аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов январга жылганын билдирген эле.

“Партия лидерлигине талапкерлердин саны чектелген эмес. Бирок КСДПда партия лидерлигине бирдиктүү талапкер катары Алмазек Атамбаев көрсөтүлүүдө. Башка вариант жок” деген Ниязов.

Атамбаев өзү президенттик мөөнөтү аяктап жаткандагы акыркы маалымат жыйынында КСДПнын лидери катары парламенттик шайлоого барууга даяр экенин билдирген болчу. Биз “Партия лидерлигине бекигенден кийин кайсы саясий кызматка келиши мүмкүн?” деген суроону саясий ишмерлерге берип көрдүк.

Алмазбек Атамбаев кайсы саясий кызматка келиши мүмкүн?Айнуру Алтыбаева, ЖК депутаты:

— Алмазбек Шаршенович бул суроого “КСДПнын өнүгүүсүнүн үстүнөн иштейм” деп жооп бергенин билем. КСДПнын жетекчиси, лидери, саясий кеңештин төрагасы болот го. Ал киши парламентке кайра келеби, жокпу айта албайм. Бирок партиянын маселелери менен алектенсе туура болот деп эсептеймин, анткени биздин мамлекеттик башкаруу системасында саясий партиялардын ролу күчөп, күчтүү партиялар ЖКга, бийликке келип мамлекетибиздин өнүгүүсүнө алып келет.

Сабыр Мукамбетов, саясий баяндамачы:

Алмазбек Атамбаев кайсы саясий кызматка келиши мүмкүн?

— Атамбаев партиясын жетектеп кайрадан саясатка келем дегени белгилүү. Ал үчүн кайра кезексиз шайлоо өткөрүү керек, ЖКны таркатуу зарыл деген сөздөр тынымсыз талкууланууда. Экс-президент партиянын жетекчиси катары шайланып, ЖКдагы башкаруучу коалицияны башкара бере албайм, убакыт өтүшү менен коалициядагы башка партиялар тил албай өз алдынчалык кыла баштайт деп чочулап жатат. Анткени ал экс-президент, мурдагыдай бийлик жок. Ошондуктан ал-күчтөн тая электе кайра шайлоо өткөзүп, коалиция курам деп убара болбой тургандай жагдай түзүп, жаңы курамдан 51 пайыздан кем эмес мандаттарды сатып кетпей турган, өзү түзгөн тизме боюнча ишенимдүү адамдардан курап алгысы келип турганы ачык байкалууда. Анан эми бул ишти качан, кандайча ишке ашырат, ашыра алабы (?), аны азырынча алдын ала айтуу кыйын. Анткени КСДПнын декабрга белгиленген съезди январга, анан февралга, эми бүгүнкү такталбаган маалыматтар боюнча апрелге жылганы айтылууда. “Апрелге калса пландар ойрон болот, тездеткенде ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү бар» дегендер да чыгып жатат. Эгерде Атамбаев пландарын ишке ашырып, партиясы жеңиш менен келе турган болсо ал партиянын лидери катары деле башкара бере алат. “Партиядан чыгарсам кызматтан кетесиң” десе, спикери да, премьери да кыңк этеби? Спикер болуп келиши да толук мүмкүн. Бир жумада эки күн сессияга кааласа жарты күн иштеп, калган убактысын вице-спикерлерге башкартып отура бериши ыктымал. Ошондой эле аны премьер-министр болот дегендер да бар. Менимче, премьер болушу өтө опурталдуу, элге, мамлекетке кесепети тийип калуусу толук мүмкүн.

Алмазбек Атамбаев кайсы саясий кызматка келиши мүмкүн?Нурлан Шакиев, саясий ишмер:

—Атамбаев өзү айтпадыбы, партия төрагалыгына келем, эч кандай кызматка барбайм, премьер-министр, спикер да болбойм деп. Айтканындай эле өз сөзүнө турат деп ишенем. Партиясын тазалайм деди, партия төрагалыгына келип партиясын кайра күчтүү партияга айландырып, жаңы деңгээлге көтөрсө жакшы болмок. Башкаларга да үлгү көрсөтмөк.

Алмазбек Атамбаев кайсы саясий кызматка келиши мүмкүн?Бакыт Аманбаев, экс-акыйкатчы:

—Мен Атамбаевди эч жерден көргүм келбейт. Кыргызстандын ички жана тышкы саясаты толук банкрот болду. Мындайдын кереги жок. Ал азыр каалаган жерге барат, премьер-министр да болушу мүмкүн, кайра айланып президенттикке да келиши мүмкүн. Бул кишиден баарын күтүүгө болот.

Рыскелди Момбеков, ЖК депутаты:Алмазбек Атамбаев кайсы саясий кызматка келиши мүмкүн?

—Ал саясий кызматка келбейм деп убадасын берген, саясий кызматка келбейт, бирок партия кызматына барат. Өзү түптөп кеткен, өзү күчтөгөн командасынын, КСДП партиясынын башында болгону оң. Атамбаев бардык саясий кызматтарда иштеп келди, андыктан ага кажет жок, берген убадасына бек турат деп ишенем, ушуну менен саясаттагы жолун аяктайт деп ойлойм.

Алмазбек Атамбаев кайсы саясий кызматка келиши мүмкүн?Асия Сасыкбаева, ЖКнын экс-депутаты:

— Саясий кызматка келбей эле койсо жакшы. Себеби саясатта көп эле убакыт болду, тыянак чыккан жок.

Эльвира Какиева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты