«Кыргызстандыктардын 80%ы Садыр Жапаровго ишенет» деген маалымат манипуляция (Фактчекинг)

13-июль күнү, tribuna.online сайтында “Социалдык сурамжылоонун натыйжасында президент Садыр Жапаровго кыргызстандыктардын 80%ы ишенет” деген маалымат жарыяланган. Билдирүүдө, бул сурамжылоо “М-Вектор” институту тарабынан жүргүзүлгөнү айтылган.

"Кыргызстандыктардын 80%ы Садыр Жапаровго ишенет" деген маалымат манипуляция (Фактчекинг)

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

“М-Вектор” изилдөө институту

M-Vector эл аралык изилдөө жана консалтинг компаниясы, Кыргызстан, Тажикстан жана Канадада социалдык изилдөөлөрдү жүргүзөт. Аталган компаниянын сайтында “М-Vector” 1997-жылы ачылып, 1300дөн ашуун ар кандай багыттагы изилдөө долбоорлорун ишке ашырганы айтылат.

Мындан сырткары, M-Vector консалтинг компаниясы Европалык изилдөө жана маркетинг коомунун (Esomar) жана “Gallup” эл аралык ассоциациясынын (GIA) мүчөсү болуп эсептелет.

Белгилей кетсек, “М-Vector” Кыргызстанда буга чейин, зордук-зомбулукка жана медиаларга байланыштуу бир катар изилдөөлөрдү жүргүзгөн.

Респонденттердин 6%ы гана Садыр Жапаровго таптыкыр ишенбөөчүлүк көргөзгөнү белгиленген

М-Вектор институнун бул изилдөөсү, “Кыйноолордун көбөйүшүн аныктоо. Коомдун укук коргоо органдары тарабынан жасалган зордук зомбулукка болгон мамилеси” деген аталыш менен июнь айында жарыяланган.

Аталган изилдөөгө, Кыргызстан боюнча жалпы 1210 адам гана катышкан. Максаты, кыргызстандыктардын бийлик структураларына болгон ишенимин өлчөөгө жана абактардагы кыйноолордун себебин аныктоого багытталган.

Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, респонденттердин көбү укук коргоо органдарында зордук-зомбулук жана кыйноолор болоорун айтышкан.

Ал эми, катышкандардын 80%ы президент Садыр Жапаровго ишеним көргөзүшкөн.

"Кыргызстандыктардын 80%ы Садыр Жапаровго ишенет" деген маалымат манипуляция (Фактчекинг)

Ал эми, катышкандардын 7%ы ишенбей турганын билдирсе 6%ы таптакыр ишенбөөчүлүк көргөзгөн.

Мындан сырткары, изилдөөгө катышкандардын 70%ы саясий партияларга, 69%ы парламентке жана 61%ы сотторго ишенбей турганын билдиришкен.

"Кыргызстандыктардын 80%ы Садыр Жапаровго ишенет" деген маалымат манипуляция (Фактчекинг)

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 10-январда өткөрүлгөн шайлоодо 79,21%дык добушка ээ болуп, Кыргыз Республикасынын президенти болуп шайланган.

Жыйынтык: Садыр Жапаровго кыргызстандыктардын 80%ы ишенет деген маалымат чындыкка дал келбейт. Анткени, “М-Вектор” институту жүргүзүлгөн сурамжылоого Кыргызстан боюнча 1210 адам гана катышкан. Бул сурамжылоого катышкан адамдардын гана 80%ы Садыр Жапаровду колдойт дегенди билдирет.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты