Көп аял алууну жактагандар “Сиздин кызыңыз бирөөгө экинчи аял болушуна макулсузбу?” деген суроого “Каршымын” деп жооп берет

Көп аял алууну жактагандар “Сиздин кызыңыз бирөөгө экинчи аял болушуна макулсузбу?” деген суроого “Каршымын” деп жооп беретЭки аял алуу менен жесирлердин жана жетимдердин санын азайтса болобу? Көп аял алуу өлкөдөгү сойкулук маселесин чечеби, биздин кабарчы буга жооп издеп көрдү.

Чуу жараткан Чубак Ажы
Белгилүү дин аалымы Чубак Жалиловдун экинчи аял алганын ачык айтып, башкаларга да чакырык таштаганы кыргыз коомунун талкуусуна айланган. Кийинчерээк аны мыйзам бузду деп милиция суракка ала баштаганда айтканынан баш тартканы бар. Жалиловдун эки ача айтканын жактагандар да, сындагандар да бар.Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Марс Ибраев Чубак ажы өзүнүн сөзү менен эки аял алууга буйрук бербегенин, жөн гана шариятта болгон нерсени айткан десе, Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев муну шариятка да такап жатышат, бирок азыркы күндө коом өзгөргөн, илгерки беш аял алып, аларды бир байбиче башкарып жашаган заман жок. Анда кыздарга билим берип окутпай, караңгы бойдон кармаш керек деген пикирде.

Чубак ажы өзүнүн бул кадамын ислам шарттары жана улуттун келечегин ойлогону менен түшүндүрүп, экинчи аял алуу менен өлкөдөгү бир топ маселелерди чече алабыз деп белгилеген. Бирок алты сааттык тергөөдөн кийин ажы экинчи аял албаганын, “ал жөн гана сүйүктүүсү” экенин билдирген.

Бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева социалдык жактан муктаж жесир аялдарга каралашуу үчүн экинчи аялдыкка алгандын ордуна ошол эркектер жумуш орундарын түзүп беришсин деген оюн билдирген.

“Аялдар “Чубак ажы андан көрө бизге тандыр же тигүүчү машина алып берсинчи, өзүбүз иштейли” деп жатышат. “Демократия жарандык коом үчүн” коалициясы быйыл 5-12-июлда сурамжылоо жүргүзүптүр. Ага катышкандардын 67 пайызы көп аялдуулукка каршы болсо, 21 пайызы макул болгон. Бирок, “Сиздин кызыңыз, аялыңыз, сиңдиңиз же өзүңүз бирөөнүн экинчи аялы болууга даярсызбы?” деген суроого макул болгондордун үчтөн бир бөлүгү кайра каршымын деген. Болбосо дагы ушундай сурамжылоо жүргүзүшүбүз керек” деген Касымалиева.

Белгилей кетчү жагдай, дин ишмерлери көп аял алуу сунушуна Кыргызстанда эркектерге караганда аялдар көп деген маалыматты жүйөө келтирип жүрүшөт. Бирок, Улуттук статистика комитетинин 2017-жылдын августтагы иликтөөсү бул айтылгандарды четке кагып, өлкөдө аял менен эркектин айырмасы 0,8 гана пайыз экенин жана 60тан улуу аялдар көптүгүнөн кыз-келиндердин саны ашык чыгып жатканын көрсөткөн. Мындан тышкары атайын маалыматтарга таянсак, чет жакта жүргөн 1 миллионго жакын кыргызстандыктардын 70 пайызы эркектер.

Тебеленген мыйзам

Кыргызстандын мыйзамына ылайык, бир мезгилде бир нече никеге турууга тыюу салынат. Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесинде көрсөтүлгөндөй, аталган мыйзамды бузган жарандар эки жылга чейин эркинен ажыратылат. Бирок, учурда кимдин канча аялы бар экени ачык-айкын айтылып жатканына карабастан, сот жообуна тартылгандар жокко эсе. Ошол себептен жарандарыбыз кимге тийип, кимди алса да өздөрү билип келет. Молдого нике кыйдырып, мыйзамдын “никесин” эсепке албай турган заманда бул көрүнүш эч тоскоолдуксуз өркүндөй берери эки жерде эки төрт дегендей болуп калды. Мындай абалды укук коргоочу Чолпонбай Карыпов мыйзамдын иштебегенинен көрөт.

“Эки аял алуу Кыргызстанда баары көрүп-, билип, таанып бүткөн көрүнүш болуп калды. Бир гана өзгөчөлүк – эки аял алууга уруксат берген мыйзам жок, тыюу салынган жобонун аткарылган жери жок. Мыйзамдуу өлкөдө мыйзам өкүм сүрүшү керек. Ойлоп көрсөк бир аялын, балдарын бага албай жатып башка аялга көз артуу ансыз да көп социалдык жетимдерди көбөйтөт, аялдардын психологиялык жабырлануусун күчөтөт, келечек муундун жалтак, мокок жана кемтик комплекстүү болуп калышына алып барат. Ошол эле сойкулар маселеси деле үй-бүлөлүк көйгөй эмес, бул экономикалык көйгөй кимдир бирөөлөргө акча алып келген көмүскө экономика. Көп аял алууга уруксат берсек да, сойкулар жоголбойт” – дейт укук коргоочу.

Кедей жигитке турмушка чыкканча, улгайган байга чыккан жакшы

Көп аял алууну кыз-келиндер арасында колдогондор да чыгууда. Кедей жигитке турмушка чыкканча, картаң да болсо байыраак бирөөгө тийүүнү самаган 29 жаштагы Жазгүл учурдун талабы ушул деп, саркеч кийимдерди кийүү, кымбат үлгүдөгү машиналарды минүү заманбап жашоонун атрибутуна айланып калганын, аларга болгон муктаждыкты себеп катары айтты.

“Өзүм карапайым үй-бүлөдө чоңойгон кызмын. Жетишпеген турмушта жашоодон тажадым. Биз аялзаты бардык жагынан камсыз болууну самайбыз. Эгер күйөөбүз бизди бага албаса, ортодогу сүйүү деле өчүп калат. Акыркы моделдеги телефондор, кымбат деп эсептелген “Lexus” үлгүсүндөгү машиналар, кабат-кабат үйлөр баарына эле жакса керек. Башкалардай ичинтип, кийинте албаса, жигиттер үйлөнбөй деле койгону оң. Мен тийсем байга тием, экинчиби, үчүнчүбү маанилүү деле эмес, ичинтип-кийинтип турса болду, болбосо, турмушка чыкпайм” – дейт Жазгүл.

Ошол эле учурда күйөөсү башын аттаганы үчүн жан дүйнөсү жабыркап, психологиялык жардамга муктаж болгон кыз-келиндер да арбын. Психолог Айыма Канатова мындай көрүнүштөрдөн аялдар гана жапа чекпестен балдар дагы психологиялык жабыр тартат, деп белгилейт.

“Үстүнөн аял алганын көтөрө албай өзүнө-өзү кол салгандар да болот. Карап отурсаң жыргап кеткен токол деле жок. Көбүнчө ортодогу балдар кыйналат. Аялдарга караганда балдарга жардам берүү өтө кыйын. Жамандык көрө элек, жан дүйнөсү таза наристелердин көңүлүн кирдетип алгандан коркосуң. “Ала жип аттаган” атаңдан тарбия ал деп үйрөтөсүңбү же азабын көтөрө албаган апаңды үлгү тут дейсиңби? Айтор, мындай учурлар көп бушайман кылат” дейт психолог.

Асел Шамилова

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты