Жаза аткаруу кызматы Өмүрбек Текебаевди кадимки ооруканага которуу маселесин карап көрөт

Жаза аткаруу кызматы Өмүрбек Текебаевди кадимки ооруканага которуу маселесин карап көрөтМамлекеттик жаза аткаруу кызматы Жогорку Кеңештин депутаттарынын “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди кадимки ооруканага которуу өтүнүчүн карап көрөт. Бул тууралуу Жаза кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова журналисттерге кабарлады.

Маалыматка караганда, депутаттар Өмүрбек Текебаевдин кан басымы бирде жогорулап, бирде түшүп кетип жатканын айтып, азыр жаза өтөп жаткан №47 колониядан ооруканага которууну суранышкан. Бул арыз 11-январда келип түшкөн.

“Текебаевдин акыбалы нормалдуу. №47 колония оорукана болуп саналат, ал жерде кала берсе операциялар жасалып турат. Эгер ал жакта керектүү адистер жок болуп калса, биз конвойдун коштоосу менен башка адистердин кароосунан өткөрөбүз” дейт Элеонора Сабатарова.

Жакында эле саясатчы Феликс Кулов Текебаев менен жолугуп чыгып, ал таза абага чыкпай жатканын айтып чыккан эле. Бул чечимди Жаза аткаруу кызматы Текебаевдин макулдугу  менен анын коопсуздугу үчүн кабыл алганын белгилеген.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты