​Шайлоочулардын биротоло тизмеси шайлоо участкаларында илинди

  • 3 года мурун

Шайлоочулардын биротоло тизмеси шайлоочулар бардык шайлоо участкаларына илинди жана шайлоочулардын “Тизме” — tizme.gov.kg мамлекеттик порталына жайгаштырылды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча шаардык кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоого шайлоочулардын биротоло тизмесине 617 517 шайлоочу киргизилди.

Бишкек АШК боюнча – 426 699 (69%) шайлоочу;

Ош АШК боюнча – 152 718 (6%) шайлоочу;

Токмок АШК боюнча – 38 100 (25%) шайлоочу.

Ар бир шайлоочу өзү тууралуу маалыматтарды шайлоочулардын тизмесинен төмөнкүдөй тактай алат:

  • шайлоочулардын “Тизме” – https://tizme.gov.kg/ мамлекеттик порталынан;
  • өз шайлоо участогунан;
  • 1255 жана 119 номурлары боюнча чалуу менен же паспортто көрсөтүлгөн өзүнүн ПИН-номурун көрсөтүп, 119 номуруна СМС жөнөтүү (чалуу жана СМС акысыз) менен шайлоочу өз шайлоо участогунун номурун жана дарегин алат.

.

2021-жылдын 11-июлундагы шаардык кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоого шайлоочулардын биротоло тизмесине киргизилген шайлоочулар катыша алышат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты