Астана ММКларды көзөмөлдөө үчүн беш миллион доллар бөлөт

Астана ММКларды көзөмөлдөө үчүн беш миллион доллар бөлөт

 

Казакстан бийлиги жыл соңуна чейин басылмаларга байкоо жүргүзүүнү кеңейткен Түйүндөгү мониторинг системасын киргизүүнү пландоодо.

“Маалымат айдыңынын автоматташтырылган улуттук мониторинги” маалымат системасын түзүү үчүн республикалык бюджеттен 1,7 миллиард теңге (5 миллион доллардын тегереги) бөлүнөт. Бул тууралуу Маалымат жана коммуникация министрлиги билдирди.

Мыйзамга ылайык, маалымат системасы аркылуу гезит, сайт, радио жана телеканалдар көзөмөлдөнөт.

Казакстандын маалымат жана коммуникация министри Даурен Абаев 2018-жылдын соңуна чейин Интернеттеги материалдарды көзөмөлдөө системасы ишке кирерин билдирген. Анын айтымында, жаңы мониторинг системасы Түйүндөгү бардык маалыматтарга байкоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты