​“Инфлюцид” дарысын медицина сунуштабайт

Фейсбук тармагынын колдонуучусу “Инфлюцид” дарысында аконит бар болгондугу тууралуу жазып чыккан. ПолитКлиника медиасы дары жөнүндө маалымат издеп көрдү.

Билдирүүдө биздин дарыканаларда курамында аконит камтыган дары сатылып жаткандыгы айтылат. Колдонуучу Кыргызстандык дарегерлерден алардын оюн сураган.

Бул эмне дары?

Инфлюцид курамында жогорку дем алуу жолдорунун ооруларын дарылоого эң ылайыктуу 6 активдүү компонент бар. Дары курч дем алуу жолдорунун инфекциясынын, мисалы, ысытма, баш оору, булчуңдардын оорушу, ошондой эле ринит, фарингит сыяктуу ооруларда колдонулат. Препарат организмдин табигый коргонуусун күчөтөт жана оорудан кийин организмдин тез калыбына келүүсүнө көмөктөшөт. 1 таблетканын курамында: Aconitum (аконит) D3 25 мг бар. Уу коргошун же “аконит” дары жасаганга болбой турган заттардын сап башында турат. Бирок дарынын кутучасында суук тийүүдөн дарылоочу гомеопатикалык дары каражаты деп жазылган.

Гомеопатиялык дарылар жөнүндө

Гомеопатияны дарыгер Шемуел Ханеманн ойлоп тапкан. 18-19-кылымдарда гомеопатия дарылоонун натыйжалуу ыкмасы болуп , көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калган. Ганеманнды гомеопатиялык жол менен дарылоо эки негизги принципке негизделген:

1. Окшошту окшош менен дарылоо. Гомеопат оорулуу адамда байкалган симптомдордун дени сак адамда болуусун шарттаган затты тандайт. Эгерде пациент кусса, анда дени сак адамды кусууга алып келүүчү затты алуу керек. Эгер бейтаптын температурасы көтөрүлүп кетсе, дени сак адамды ысытмага алып келе турган нерсени ичүү керек. Классикалык гомеопатияда дени сак адамдарда ар кандай жагымсыз симптомдорду жаратуучу мышьяк, бака ширеси, сымап цианиди, ацетон жана башка заттар колдонулат.

2. Суюлтуу. Гомеопатияда көп жолу кайталанган ондук (X же D менен белгиленет) жана жүздүк суюлтуу (С менен көрсөтүлгөн) колдонулат. 30С суюлтуусу төмөндөгүчө: 2 мл кофеинди 200 мл сууга кошуп, андан 2 миллилитрди алып, башка стакан сууга суюлтат. Башкача айтканда 30 жолу аралаштыруу керек.

Гомеопатиялык дарылардын таасири далилденген эмес

Гомеопатиялык дарыларды колдонууну альтернативдүү дарылануу деп коюшат. Медицинада альтернативдүү дарылоо методунун эффективдүүлүгү аныкталган эмес. 2018-жылдын июль айында Йель университетинин окумуштуулары дарылоого боло турган рак оорусу менен ооругандарга изилдөө жүргүзүшкөн. Алар 1,9 миллион пациентке анализ жүргүзүп, салттуу рак терапиясын алгандар менен альтернативдик медицина аркылуу дарылангандарды салыштырышкан. Жыйынтыгында гомеопатия жана элдик ыкмалар менен дарылоо бейтаптын өлүм коркунучун эки эсеге көбөйткөнү белгилүү болгон. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму да калкты гомеопатиялык каражаттардан баш тартууга чакырып келет. Гомеопатиялык каражаттарды ичүү — пайдасы жок дары ичүүгө барабар.

Гомеопатиялык дарыларды колдонууга тыюу салынган эмес

Аталган дары биздин даарыканаларда сатылат. Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыздоо департаментинин башкы адисине кайрылганыбызда бул препараттын эч кандай коркунучу жок экендигин билдиришти: “Дары-дармектер тизмесине “Инфлюцид” 2016-жылы катталган, бул жылы каттоо мөөнөтү аяктаган. Бул гомеопатиялык дары болгону үчүн ичинде аконит бар. Бирок ал өтө аз өлчөмдө болгондуктан адамдын ден-соолугуна зыян деле алып келбейт”, — деди.

Ошондой эле ал медицина геопатиялык дарыларды сунуштабарын, аны ишенгендер гана ичерин кошумчалады.

Жыйынтык: “Инфлюцид” курамында аконит бар экени чындык.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты