​“Биздин Кыргызстан” партиясына жазуу жүзүндө эскертүү берилди

  • 3 года мурун

Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы “Биздин Кыргызстан” саясий партиясына жазуу жүзүндө эскертүү берди.

Аталган партия үгүт материалдарында башка мамлекеттин саясий ишмеринин сүрөтүн пайдаланган. Бул жергиликтүү кеңештерге шайлоо мыйзамынын 28-беренесинин 2- пунктун бузуу болуп эсептелет.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөн. Бишкек шаардык кеңешине жети пайыздык босогодон “Эмгек”, “Ак-Бата”, Кыргызстан элдик демократиялык партиясы, “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ынтымак”, “Биздин Эл” партиялары өткөн. Аймактык шайлоо комиссиясы 12-майда Бишкек шаардык кеңешине добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган.

Буга Кыргызстан элдик демократиялык партиясы , “Эмгек” жана “Ак Бата” партияларынын шайлоодон четтетилгени, добуштары жараксыз деп табылганы негиз болгон.

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп табылгандыгына байланыштуу, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна, жекшемби күнгө дайындалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты