​Кыргыз-казак чек арасында 100дөн ашуун автоунаа өтө албай турат

  • 3 года мурун

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү кыргызказак чек арасындагы жагдай тууралуу билдирүү таратып, абалды жалпы жонунан туруктуу деп баалады.


Мекемеден кабарлашкандай, өткөрмө бекеттер штаттык режимде иштеп жатышат. “Ак-Тилек-автожол” бекетинин авторанспорттордун анча чоң эмес топтолуусу байкалууда. Оор жүк ташуучу 119 автомашине кезекте турат.

Чек ара кызматы транспорттордун топтолушу кайталанма мүнөзгө ээ экенин, жүк ташуу көбөйгөн кезде, өзгөчө эс алуу күндөрү жана базар кызыган күндөрү арбый түшөрүн маалымдайт.

УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз тараптан эч кандай чектөө жок экенин кошумчалайт. Мекеме ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы башка чек ара бекеттеринде автотранспорттордун кезекке туруусу байкалбаганын билдирүүдө.

Кыргыз-казак чек арасында «Чалдыбар», «Ак-Тилек», «Кең-Булуң», «Чоң-Капка», «Каркыра» бекеттери бар. Анын ичинен беш автоунаа жана бир темир жол өткөрмө жайы иштейт.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты