“Алысты жакын кылган кыз” же кыздар эмне үчүн чет элдиктерге баш кошууга кызыкдар?

“Алысты жакын кылган кыз”  же кыздар эмне үчүн чет элдиктерге баш кошууга кызыкдар?

Дүйнөнүн ааламдашуусу менен чет жерден кыз алып, кыз бергендер көбөйдү. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда акыркы эки жылда 4000ге жакын кыргызстандык башка улуттун жарандары менен никеге турган. Алардын басымдуу бөлүгү — кыз-келиндер. Кыргыз кыздары эмнеге чет элдиктер менен баш кошууга кызыкдар? Чет элдиктер менен турмуш кургандар  бактылуу жашап жатабы? Ушул суроого жооп издеп көрсөк.

Биздин каарман Алтынай Камчыбекова мындан беш жыл мурун канадалык жаранга турмушка чыккан. Андан бери жубайлар бир кыздуу болду. Күйөөсү экөө бири-бирин сыйлап, ынтымактуу  жашап жаткан Алтынай бактылуу болуу улутка карабайт деп эсептейт.

“Биз Кыргызстандан таанышканбыз. Ал дипломат болгондуктан  иштери менен Кыргызстанга келген. Мен котормочунун жана гиддин милдетин аткарып жүрүп, таанышып калдык. Баш кошконубузга беш жыл болду. Талаш-тартыш ар бир үй-бүлөдө болот. Бирок ал Кыргызстандагы үй-бүлөлөрдөгү уруштарга жетпейт. Өмүр бир берилет, аны жакшы жашагым келет. Күйөөгө тийип, жаман болсо да анын көзүн карап, тилин угуп, таягын жеп, кордук көрүп, балдар менен кошо аны да багып жүргөндү каалабайм. Кыргызстанда азыр андайлар толтура”, — дейт Алтынай Камчыбекова.

Дагы бир каарман — Элмира Тойгомбаева түрк жараны Ахмет Хасчелик менен баш кошкону турат. Алар Америкада окуп жүргөндө таанышкан.  Эмне себептен Ахметти тандагандыгы  тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди.

“Ата-энелерибиз макул, той күнүн да белгилеп койгонбуз. Түрккө тиеримди уккандар көбүнчө сындап, “кыргыз куруп калды беле” дешет. Мен кыргыз балдар менен да сүйлөшүп көрдүм, бирок биздин эркектер өздөрүн дайым аялдардан бийик көрүшөт, аялдар баш ийиш керек деп эсептешет, аларды  жакшы карашпайт. Ал эми Ахмет мени аябай сыйлайт, каш-кабагымды карап турат. Кыргыз эркектеринен көрбөгөн сый-урматты, жакшы мамилени Ахметтен таптым”, — дейт Элмира.

Тилекке каршы,  чет элдик жаран менен баш кошуп, өкүнгөндөр да четтен чыгат. Кийинки каарманыбыз Айпери мындан бир жыл мурун корей улутундагы мырзага турмушка чыккан. Кореяга никелешүү агенттиги аркылуу келген. Көрсө ал элестеткендей эмес экен.

“Күйөөм сүрөтүмдү көрүп эле “сүйүп калдым” деген. Мен “көнүп кетем, эл көрөм, жер көрөм” деп ата-энемдин каршылыгына карабастан келгем. Таң калганым, мен барган жерде жаштардын дээрлик жоктугу. Айылдын чекесинде кичинекей үйдө жашап калдык. Күйөөм ар кайсы жерде жакшы иш чыкса кыдырып иштей берет. Мага ушунчалык оор болду. Анын үстүнө бул жактын маданияты такыр башка. Мисалы, улуу адамдардын көзүнчө күлгөнгө же катуу сүйлөгөнгө болбойт. Корейлер муну психологиялык жактан басым жасап жатат деп кабыл алышат. Кыскасы, акыры жашай албай койдум. Ажырашып, мекениме келе бердим”, — деди Айпери.

Башка улутка турмушка чыгып, багы ачылбагандардын дагы бири — Венера Арстанбекова. Ал тажик бала менен баш кошуп төрт жыл жашаган, андан бир уулу бар. Венера башынан өткөргөндөрдү кыскача айтып берди:

“2013-жылы Россияда иштеп жүргөндө тааныштык. Башында баары жомоктогудай эле, мени сыйлап, аяп, жакшы мамиле кылчу. Туугандарыбыздын каршылыгына, улутубузга, салтыбыздагы айырмачылыктарга карабай, баш кошуп алдык. Тажикстанга барганда туугандары таасир кылдыбы же негизи өзү ушундай беле, айтор, мамилеси таптакыр өзгөрдү. Орой мамиле жасап, кол көтөрө баштады. Паспортумду да алып, туугандарым менен сүйлөштүрбөй койду. Үйдөн чыгарчу эмес, кошуна-колоң, өзүнүн тууган-уругунан кызганып, уруп, күн көрсөтпөй жатты. Былтыр  Россияга иштегени барып, ал жактан качып кетүүгө мүмкүнчүлүгүм болуп, Кыргызстанга келе бердим. Кутулганыма шүгүр деп, арызданып эч жакка барбадым.”

Кыргыз коомчулугунда башка улуттар менен баш кошкондорго сын-пикирлер айтылып келет. Буга“Алысты жакын кылган кыз”  же кыздар эмне үчүн чет элдиктерге баш кошууга кызыкдар? Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жана “Дордой” клубунун коргоочусу  Даниел Нии Арма Тего жана Эльнура Орозбаеванын баш кошуусун мисалга алсак болот. Социалдык тармактардын колдонуучулары көбүнчө терс пикирлерин билдирип, айрымдары Эльнураны күнөөлөп, “акчасына кызыкты” дешсе, кээ бирлери “сүйүү түскө карабайт” деп, акырында жаш жубайларга бакыт каалашкан.

Мындан тышкары  2012-жылы Орусияда өздөрүн “патриоттор” деп атаган топ пайда болуп, башка улуттар менен жүргөн кыздарды жылаңачтап, сабап, “суракка алган” видеолор интернетте тараган. Аны көргөн социалдык тармак колдонуучулардын бир бөлүгү “туура кылыпсыңар, бул видеолор башка кыздарга үлгү болсун” дешсе, көпчүлүгү адам укугун чектөө катары кабыл алышкан.

Үч жылдан бери түрк мырзасы менен  сүйлөшүп жүргөн Жылдыз Бактыбекова өзүнүн дарегине терс пикирлерди көп угуп келет. Ошондой эле сүйүктүүсүнүн өмүрү үчүн  кооптонот.

“Биз Бишкекте жашайбыз. Жигитим Кыргызстанды жакшы көрөт, кыргыз маданиятын сыйлайт. Эң биринчи мага кылган жумшак мамилеси, камкордугу назарымды бурган. Экөөбүз жолугушканда  же чогуу баратканда балдар аябай жаман көздөрү менен карап,  бетке айтып же жигитимди четке чакырышат. Мен ким менен жүрсөм, кимди тандасам өзүм билем. Укугумду чектеп, жеке турмушума аралашкандардан тажадым. Баш кошкондон кийин Бишкекте жашайын дегенбиз, бирок терс көз-караштагы мамилелерден тажадык. Ошондуктан Түркияда жашайбыз деп калдык”, — дейт Жылдыз.

Ал эми чет элдик кыздарга үйлөнгөн  мырзаларга кыздар тарабынан андай чектөө, терс көз караш байкалбайт. Мисалга, Нурсултан менен москвалык Кристинаны алсак болот. 2017-жылы бул жаштар баш кошкондо, социалдык тармактардын колдонуучулары көбүнчө оң билдирүүлөрдү  калтырышкан.

Анткен менен кыргыз коомунда баары эле интернационал үй-бүлө курууга, өзгөчө  алыскы өлкөлөрдөн куда-сөөк күтүп, кызын берүүгө даяр эмес. Алардын бири— Махпурат айым.

“Төрт кызым бар. Экөө студент, экөө мектепте окуйт. Азыртан эле кыргызга турмушка чыгасыңар деп айтып атам. Чет элдиктерге кыздарымды бербейм. Кызын алыска ким эле бергиси келсин? Кыздарын бергендер  каршы чыга албай, аргасыздан макул болушат окшойт”, — дейт Махпурат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча,  Кыргызстанда айрыкча орусиялыктар менен никеге тургандар басымдуу. Андан кийин Түштүк Корея, Өзбекстан, Түркия жарандары менен кол кармашкандар турат. Казакстан, АКШ, Германия жана Кытай жарандарына турмушка чыккандар да бар.

Нурзида Тойгомбаева 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты