​Израил өз жарандарын Кыргызстанга саякаттоого тыюу салды

  • 3 года мурун

Израилдин саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанды коронавирус илдети күч алган өлкөлөрдүн катарына кошту.


Ошондой эле бул тизмеге Уганда, Уругвай, Бириккен Араб Эмираттары, Сейшел аралдары, Эфиопия, Боливия, Намибия, Парагвай, Чили, Колумбия, Коста-Рика, Тунис, Белорусия мамлекеттери кирген.

Израилдин саламаттык сактоо министрлиги эгер жакынкы аралыкта Кыргызстанда эпидемиологиялык абал жакшырбаса, Аргентина, Бразилия, ТАР, Индия сыяктуу «эң жогорку тобокелдикке кирген өлкөлөрдүн» тизмесине киргизээрин эскерткен.

Ошондой эле Израил өз жарандарын бул өлкөлөргө саякаттоого тыюу салган.

28-июнга карата Кыргызстан боюнча COVID-19 илдети 1 миң 81 адамга жукту.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты